https://sputnik.kg/20250205/1091876595.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрликке талапкер дарыгерлер акча табышы керектигин айттыЛавров Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүү жолун атадыОшто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар... 05.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-05T17:00+0600
2025-02-05T17:00+0600
2025-02-05T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091876463_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d5e537c59dd7653bdfe7f1b388b8a472.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрликке талапкер дарыгерлер акча табышы керектигин айттыЛавров Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүү жолун атадыОшто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жататАлдыда кененирээкЖогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги жактырылды. Чечейбаев депутаттарга элди жеткиликтүү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну, "Кыргызфармациянын" ишин кароону, жарандардын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу үчүн ооруларды алдын алууну күчөтүүнү пландап жатканын айтты. Ал суроолорго жооп берип жатып медиктер жетишсиз болбош үчүн айлыкты көтөрүү керектигин белгилеген. "Бир жагынан мамлекеттик бюджеттен айлыгын көтөрүш керек, экинчи жагынан эл аралык тажрыйбага таянуу менен ооруканалардын юридикалык формасын өзгөртсө болот. Ооруканаларга легалдуу түрдө медициналык кызматтар менен акча табууга уруксат берсек. Легалдуу түрдө акы төлөп дарылангыдай кылыш керек. Бизде Советтер Союзунан бери жылына эки жолу профилактикалык дарыланууга жатышат. Негизи андай мүмкүнчүлүк бар. Бирок ооруканадагы кызматтар кымбат болушу керек. Бул эми менин жеке оюм. Аны эксперттер менен талдап көрөбүз", — деген Чечейбаев. Депутат Бактыбек Чойбеков Кыргызстанда колунда жок жарандар дарыланбай жүргөнүн айтып, элдин шартына карап иш алып барууга чакырган. Ал эми депутат Чолпон Султанбекова аталган тармакта көйгөйлөр көп экенин, алар чечилбей жатканын белгиледи.
Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар түрттүрүлүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Тийиштүү тапшырманы мэр Жеңишбек Токторбаев берген."Учурда Ленин көчөсүндөгү "Исламбек", "Атабек", "Кут ордо", "Анар" коомдук тамактануучу жайлары, "Азия" супермаркети жана мыйзамсыз орнотулган тосмолор курулуш ээсинин эсебинен буздурулуп жатат. Мындан тышкары, Масалиев, Курманжан Датка көчөлөрүндө дагы мыйзамсыз курулуштар алынууда", — деп айтылат маалыматта. Шаар бийлиги жалпысынан кызыл сызыктан өткөн 100дөн ашык объектиге тиешелүү эскертмелерди берген.
Харбиндеги Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Бахрейнди 29:0 менен утту Буга чейин ата мекендик хоккейчилер Кувейттин спортчуларынан утулуп баратып кайра жеңишке жеткен. Эми алар Сингапурдун командасы менен ойнойт. Эгер ал команданы да жеңсе, В тайпасында биринчи орунду алышат.
Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан. "Көп сандаган (Жакынкы Чыгыш) көйгөйлөрдүн ачкычы Палестина мамлекетин түзүүдө жатат. Бул темада БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциялары кабыл алынган. Эки мамлекеттин чечими бардык тышкы оюнчулар, анын ичинде Байдендин администрациясы тарабынан тастыкталган. Трамптын администрациясы, менин оюмча, бул маселе боюнча өз позициясын азырынча так айта элек", — деди Лавров. Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөнүн айтты.
Министрликке талапкер дарыгерлер акча табышы керектигин айттыЛавров Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүү жолун атадыОшто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жататАлдыда кененирээкЖогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги жактырылды. Чечейбаев депутаттарга элди жеткиликтүү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну, "Кыргызфармациянын" ишин кароону, жарандардын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу үчүн ооруларды алдын алууну күчөтүүнү пландап жатканын айтты. Ал суроолорго жооп берип жатып медиктер жетишсиз болбош үчүн айлыкты көтөрүү керектигин белгилеген. "Бир жагынан мамлекеттик бюджеттен айлыгын көтөрүш керек, экинчи жагынан эл аралык тажрыйбага таянуу менен ооруканалардын юридикалык формасын өзгөртсө болот. Ооруканаларга легалдуу түрдө медициналык кызматтар менен акча табууга уруксат берсек. Легалдуу түрдө акы төлөп дарылангыдай кылыш керек. Бизде Советтер Союзунан бери жылына эки жолу профилактикалык дарыланууга жатышат. Негизи андай мүмкүнчүлүк бар. Бирок ооруканадагы кызматтар кымбат болушу керек. Бул эми менин жеке оюм. Аны эксперттер менен талдап көрөбүз", — деген Чечейбаев. Депутат Бактыбек Чойбеков Кыргызстанда колунда жок жарандар дарыланбай жүргөнүн айтып, элдин шартына карап иш алып барууга чакырган. Ал эми депутат Чолпон Султанбекова аталган тармакта көйгөйлөр көп экенин, алар чечилбей жатканын белгиледи. Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар түрттүрүлүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Тийиштүү тапшырманы мэр Жеңишбек Токторбаев берген."Учурда Ленин көчөсүндөгү "Исламбек", "Атабек", "Кут ордо", "Анар" коомдук тамактануучу жайлары, "Азия" супермаркети жана мыйзамсыз орнотулган тосмолор курулуш ээсинин эсебинен буздурулуп жатат. Мындан тышкары, Масалиев, Курманжан Датка көчөлөрүндө дагы мыйзамсыз курулуштар алынууда", — деп айтылат маалыматта. Шаар бийлиги жалпысынан кызыл сызыктан өткөн 100дөн ашык объектиге тиешелүү эскертмелерди берген.Харбиндеги Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Бахрейнди 29:0 менен утту Буга чейин ата мекендик хоккейчилер Кувейттин спортчуларынан утулуп баратып кайра жеңишке жеткен. Эми алар Сингапурдун командасы менен ойнойт. Эгер ал команданы да жеңсе, В тайпасында биринчи орунду алышат. Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан. "Көп сандаган (Жакынкы Чыгыш) көйгөйлөрдүн ачкычы Палестина мамлекетин түзүүдө жатат. Бул темада БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциялары кабыл алынган. Эки мамлекеттин чечими бардык тышкы оюнчулар, анын ичинде Байдендин администрациясы тарабынан тастыкталган. Трамптын администрациясы, менин оюмча, бул маселе боюнча өз позициясын азырынча так айта элек", — деди Лавров. Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөнүн айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091876463_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3a64845ed9a9dbc7e75349bf3f4ff5e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио