https://sputnik.kg/20250205/aleksandr-matrosov-tuuraluu-video-1091876775.html
Советтик жоокердин каармандыгынын символу. Александр Матросов тууралуу видеобаян
Советтик жоокердин каармандыгынын символу. Александр Матросов тууралуу видеобаян
Sputnik Кыргызстан
Советтик жоокердин каармандыгынын, баатырдыгынын символу болгон Александр Матросов 1924-жылдын 5-февралында жарыкка келген. 05.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-05T20:08+0600
2025-02-05T20:08+0600
2025-02-05T20:08+0600
дүйнөдө
ссср
улуу ата мекендик согуш
александр матросов
дзот
эрдик
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091876942_0:128:1000:691_1920x0_80_0_0_2ad2f64ff697ea487ea90b0e64621863.jpg
Кызыл армиячы Уфадагы эмгек колониясында жүргөн жеринен жетекчиликтен улам-улам суранып жатып, 1942-жылдын ноябрында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган....1943-жылдын 27-февралында анын батальонуна Псков облусундагы Чернушки кыштагындагы немецтердин таяныч жайын алууга тапшырма берилген. Чабуул жасоого жаагын баспай ок бүркүп жаткан душмандын пулемету мүмкүнчүлүк бербей туруп алат. Алардын экөөнү жок кылышканы менен үчүнчүсү ок жаадырганын токтотпойт. Аскерлердин ичинен Александр Матросов менен Петр Огурцов ДЗОТту көздөй боортоктоп жөнөп, жолдон Огурцовго ок тиет. Соо калган шериги пулеметко жакындайт. Матросов амбразурага чукулдап барып граната ыргытканда, ок токтойт. Кырдаалды байкап турган жоокерлер ордунан тура чабуул кое жөнөгөндө пулемет кайрадан ажалдын огун чача баштайт. Муну көргөн 19 жаштагы жоокер ордунан атып тура ДЗОТко секирип, амбразураны денеси менен баса жыгылат... Жаш жоокерге төрт айдан кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.Мындай эрдикти кыргызстандык эр жүрөк жоокер Чолпонбай Түлөбердиев да жасаган. Ал 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылып турат.Тема боюнча:
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091876942_0:35:1000:785_1920x0_80_0_0_158e3430e7c3598367b1ccdbcc7557f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, александр матросов, дзот, эрдик, видео, видео
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, александр матросов, дзот, эрдик, видео, видео
Советтик жоокердин каармандыгынын символу. Александр Матросов тууралуу видеобаян
Советтик жоокердин каармандыгынын, баатырдыгынын символу болгон Александр Матросов 1924-жылдын 5-февралында жарыкка келген.
Кызыл армиячы Уфадагы эмгек колониясында жүргөн жеринен жетекчиликтен улам-улам суранып жатып, 1942-жылдын ноябрында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.
...1943-жылдын 27-февралында анын батальонуна Псков облусундагы Чернушки кыштагындагы немецтердин таяныч жайын алууга тапшырма берилген. Чабуул жасоого жаагын баспай ок бүркүп жаткан душмандын пулемету мүмкүнчүлүк бербей туруп алат. Алардын экөөнү жок кылышканы менен үчүнчүсү ок жаадырганын токтотпойт. Аскерлердин ичинен Александр Матросов менен Петр Огурцов ДЗОТту көздөй боортоктоп жөнөп, жолдон Огурцовго ок тиет. Соо калган шериги пулеметко жакындайт. Матросов амбразурага чукулдап барып граната ыргытканда, ок токтойт. Кырдаалды байкап турган жоокерлер ордунан тура чабуул кое жөнөгөндө пулемет кайрадан ажалдын огун чача баштайт. Муну көргөн 19 жаштагы жоокер ордунан атып тура ДЗОТко секирип, амбразураны денеси менен баса жыгылат... Жаш жоокерге төрт айдан кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Мындай эрдикти кыргызстандык эр жүрөк жоокер Чолпонбай Түлөбердиев да жасаган. Ал 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылып турат.