https://sputnik.kg/20250206/kyrgyzstanda-en-kop-oskon-darak-archa-1091890159.html
Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча
Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча
Sputnik Кыргызстан
ӨКМге караштуу Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев өлкө аймагынын 6,3 пайызын... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T12:03+0600
2025-02-06T12:03+0600
2025-02-06T12:03+0600
радио
кыргызстан
токой
арча
жаңгак
карагай
майрамбек алиев
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091890481_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_d56e178c6b00fa66b3ee866a40e56624.jpg
Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча
Sputnik Кыргызстан
Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча
Өлкөдө токойлор төрт түргө бөлүнөт. Алардын ичинен эң ириси — арча токою. Бул тууралуу Майрамбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, арча токойлору Баткен жана Ош облусунда көп.Ошондой эле ал өлкөдөгү токойлордун аянты өткөн кылымдын ортосунан бери эки эсе өскөнүн айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091890481_237:0:2968:2048_1920x0_80_0_0_dd3069d39130826c0019bbd041d223be.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, токой, арча, жаңгак, карагай, майрамбек алиев, аудио
кыргызстан, токой, арча, жаңгак, карагай, майрамбек алиев, аудио
Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча
ӨКМге караштуу Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев өлкө аймагынын 6,3 пайызын токой ээлей турганын айтты.
Өлкөдө токойлор төрт түргө бөлүнөт. Алардын ичинен эң ириси — арча токою. Бул тууралуу Майрамбек Алиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арча токойлору Баткен жана Ош облусунда көп.
"Кыргызстанда токойлор төрт түргө бөлүнөт. Алардын ичинен эң ири аянтты ээлегени — арча токою. Баткен жана Ош облусунда арбын. Аянты боюнча андан кийинки эле жаңгак токою. Ал Жалал-Абад облусунун аймагында. Андан кийин Тянь-Шань карагайынын токою турат. Ал Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарындагы тоо кыркаларында өсөт. Суу жээгинде өскөн токойлор Кыргызстанда өзүнчө токой аянты болуп эсептелип, көлөмү жагынан төртүнчү орунду ээлейт. Ага терек, кайың, чычырканак токойлору кирет", — деди Алиев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү токойлордун аянты өткөн кылымдын ортосунан бери эки эсе өскөнүн айтты.