https://sputnik.kg/20250206/rossiya-ukrainanyn-zheri-ken-baylygy-tuuraluu-1091903735.html
Россия ТИМи Украинанын кен байлыгына көз арткандарга кеңеш берди
Россия ТИМи Украинанын кен байлыгына көз арткандарга кеңеш берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Украинанын жер ресурстарына көз артып жаткандар Киевдин көзөмөлүндө эмне калганын текшерип алышы керек. Бул тууралуу Россиянын Тышкы... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T20:55+0600
2025-02-06T20:55+0600
2025-02-07T15:13+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
жардам
кен байлыктар
мария захарова
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091916669_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_42f28d1c82b00fda8eff9cfe6e319f65.jpg
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Украинанын жер ресурстарына көз артып жаткандар Киевдин көзөмөлүндө эмне калганын текшерип алышы керек. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, АКШ эбактан бери эле Украинанын жаратылыш ресурстарына көз артып келет. Захарова Киевдин коррупцияга малынган бийлигинин жардамы менен алардын колу айыл чарба ресурстарына "жетип" калганын, кийинки "бутада" кен байлыктар турганын белгилеген."Азыр Киев режиминин демөөрчүлөрү дагы эмне калды болду экен деп турган чагы", — деп кошумчалаган Захарова.Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Украинадан Вашингтон көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.Өз кезегинде Financial Times гезити Зеленскийге жакын адамдын берген маалыматына таянуу менен Киев жардам, колдоо үчүн АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жөнөтүүгө уруксат бергенин жазган.
https://sputnik.kg/20250206/rossiya-menen-alakany-zhakshyrtuuga-vashington-birinchi-kadam-zhasashy-kerek-1091882458.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091916669_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_71ba67090259fe0ca1ab775098dee0ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, жардам, кен байлыктар, мария захарова
дүйнөдө, россия, украина, акш, жардам, кен байлыктар, мария захарова
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Украинанын жер ресурстарына көз артып жаткандар Киевдин көзөмөлүндө эмне калганын текшерип алышы керек. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Киев режимине кайсы аймактар таандык, кайсылардан кол жууду деген суроону баарыбыз беришибиз керек. Бул эмне үчүн керек? Ресурска ээ болууну каалагандарды, алар Вашингтондо да бар, коммерциялык маселелер кызыктырууда. Демек, бул адамдар Зеленский сунуштап жаткан нерселер ага таандыкпы же жокпу, билиши керек", — деген Захарова.
Анын айтымында, АКШ эбактан бери эле Украинанын жаратылыш ресурстарына көз артып келет. Захарова Киевдин коррупцияга малынган бийлигинин жардамы менен алардын колу айыл чарба ресурстарына "жетип" калганын, кийинки "бутада" кен байлыктар турганын белгилеген.
"Азыр Киев режиминин демөөрчүлөрү дагы эмне калды болду экен деп турган чагы", — деп кошумчалаган Захарова.
Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Украинадан Вашингтон көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.
Өз кезегинде Financial Times гезити Зеленскийге жакын адамдын берген маалыматына таянуу менен Киев жардам, колдоо үчүн АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жөнөтүүгө уруксат бергенин жазган.