00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте саат 15:00. жанылыктар менен тааныштырып, студияда Арууке Амирдинова. саламатсыздарбы!Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор башталды Келлог Трамп Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин айттыМаданият министрлиги жаңы гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыялайт. Алдыда кененирээк Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыялайт. Бул тууралуу Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын алгачкы жыйынында кабарлады. "Максаты — элдин маданиятын, тарыхый мурасын жана биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Композитор, акын жана чыгармачыл жамааттарды катышууга чакырабыз", — деген Ажымалиев. Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу (ал кезде фамилиясы Шакиев болчу) Кыргызстандын гимнин өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал апрелге чейин кабыл алынышы керектигин айткан. Натыйжада гимнди өзгөртүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Руслан Татиков финансы министринин орун басарлыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Татиков министрликке 2006-жылы стажер катары келип, 18 жыл иштегенин белгилеген. "Ушул жылдар аралыгында аталган министрликте баа жеткис тажрыйба топтодум. Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм, ал эми ушул убакыт өз кезегинде мени чыныгы кесипкөй адис катары тарбиялады, чыйралтты. Анткени эмгек жолумду аталган мекемеде эң жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп, министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Билинбей үч жарым жыл ушул позицияда иш алып барыптырмын", — деген ал. Руслан Татиков министрдин орун басары болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.
Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор башталды Жаратылыш ресурстары, экология министрлиги ишке киргизген 50 млн долларлык долбоор 2030-жылга чейин уланат. Анда иш негизги үч багыт боюнча жүргүзүлөрү айтылды: абанын сапатына мониторинг жүргүзө турган системаны даярдоо, анализдөө жана абанын кирдешин текшерүү жылуулук берүүдө экологиялык чечимдерди колдоо шаарды жашылдандыруу
"Каракол" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38,3 гектарлык айыл чарба жерлери өнөр жай жана транспорттук аймактар категориясына трансформацияланууда. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Алтын-Арашан айыл аймагынын жер тилкелери трансформацияланууга жатат. Жалпысынан айыл чарба багытындагы тогуз жер тилкеси бар. "Каракол" эл аралык аэропорту өткөн жылдын декабрь айында реконструкциядан кийин ачылган. Терминалдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 250 жүргүнчүнү түзөт. Узундугу 2450 метрге жеткен жаңыртылган учуу тилкесине өзгөчө көңүл бурулду.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Америка лидери Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Трамп Украинадагы согушту токтотуу үчүн Россияга каршы америкалык санкцияларды күчөтүүгө даяр. Биз чындап эле санкцияларды, өзгөчө акыркыларын катаалдата алабыз", — деген Келлог New York Post гезитиндеги маегинде. Ал бул жаатта президент менен кошо вице-президент, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи, мамлекеттик катчы, финансы министри жана улуттук коопсуздук кызматкери иштеп жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0