00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Харбин шаарындагы "Ябули" тоо лыжа курортун көрдү. Ал эс алуу жайынын видеосун дагы жарыялады. Өлкө башчыны лыжа тебүү трассаларынын уюштурулушу жана жалпы эле инфратүзүмү кызыктырган. "Ябули" Кытайдын спорттук тоо лыжа кыймылынын мекени экен. Дал ушул жерде массалык кышкы туризм пайда болуптур. Дүйнө жүзүндөгү эң узун жана эң бийик тоо лыжа трассалары бар. Анын ичинде 48 бурулушу бар 2680 метрлик трассаны белгилесе болот. "Ябули" тоо лыжа курорту 1996-жылы кышкы Азия оюндарын, 2009-жылы Кышкы универсиаданы кабыл алган. Мындан сырткары, Сноуборд боюнча дүйнө кубогу, Жаштар чемпионаты өңдүү эл аралык мелдештер дал ушул жерде өтүп турат экен. Кесипкөй спорттук лыжа тебүүчүлөр үчүн да, үйрөнчүктөр үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Укмуш эми!" — деди Жапаров. Ал Кыргызстанга да "Ябулидей" тоо лыжа комплекси куруларын кошумчалады.
Өлкөдө тукум курут болгон кундузду башка жактан алып келип көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кундуз боюнча жасалган изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулаган жолугушуу болгон. Анда өлкөдө кундуз тукум курут болгону айтылып, буга алардын тамагы тартыш болгону түрткү болгону белгиленген. Ошол эле учурда министрлик өлкөдө айрым дарыялар жетиштүү деңгээлде изилденбегенин, аларда кундуздун топтору сакталып калышы мүмкүн экенин божомолдоодо. Мындан улам кундузду башка аймактардан алып келүү маселеси талкууланды. Ошондой эле аталган жаныбардын жоголушуна салым кошуп жаткан форель чарбаларынын маселеси көтөрүлдү.
Кыргызстан капустанын экспортун эки эсе көбөйттү. Анын баарын ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алган. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында республика тышка 11,3 миң тонна жашылча саткан. Анын 10,7 миң тоннасын Россия, калганын Казакстан сатып алган. 2023-жылдын ушул эле маалында 5,7 миң тонна капуста экспортолгон эле. Анда негизги кардарлар Россия, Казакстан жана Өзбекстан болгон.
Россияга кире турган жана өлкө аймагында жүргөн бардык чет элдик жарандар медициналык ырастоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылганын РИА Новости жазды. "Медициналык ырастоодон өтүү талабы өлкөдө жүргөн чет элдиктерге, ошондой эле келген максатына карабастан ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка ылайык, чет элдиктер бир катар оорудан оолак экенин жыл сайын тастыктап турушу кажет. ИИМ чет мамлекеттин жаранынан инфекциялык илдет аныкталса өлкөдөн чыгарылып, Россияга ошол бойдон кире албастыгын белгилеген. Медициналык ырастоодон өтүү талабынан Беларустун жарандары, 6 жашка чейинки балдар, дипломаттар, Россиядагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле консулдук мекемелердин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана өлкөнүн аймагында аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери бошотулары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0