https://sputnik.kg/20250207/aksh-donald-tramp-usaid-kyskartuu-1091908511.html
Трамптын администрациясы USAID жамаатынын 97%ын кыскартууну пландоодо
Трамптын администрациясы USAID жамаатынын 97%ын кыскартууну пландоодо
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дональд Трамптын администрациясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жамаатын 97 пайызга кыскартууну пландоодо. Бул... 07.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-07T11:30+0600
2025-02-07T11:30+0600
2025-02-07T11:30+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
usaid
кыскартуу
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091888053_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_38496c467aa079fbe8dce037067a83d0.jpg
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дональд Трамптын администрациясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жамаатын 97 пайызга кыскартууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматка ылайык, агенттикте дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашык адистен 294 адам кызматын сактап кала алат.USAID агенттигин убактылуу жетектеп жаткан мамлекеттик катчы Марко Рубио администрация уюмдун ишин толугу менен текшерерин билдирген. Анын айтымында, USAID мамлекетке зыян келтирген чыгымдарды жасаган.Миллиардер Илон Маск USAID агенттигин "криминалдык уюм" деп атап, аны жоюу керектигин билдирген эле. Дүйшөмбү күнү ал агенттикти жабууга Трамп макул болгонун кабарлаган.Өткөн жумада USAID дүйнө жүзү боюнча агенттикке түздөн-түз жалданган кызматкерлердин дээрлик бардыгы административдик өргүүгө чыгарыларын билдирди. Ал эми CBS телеканалы өз булагына таянып уюмдун бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү жабыларын жана ал жердеги кызматкерлер чакыртып алынарын кабарлаган.
https://sputnik.kg/20250206/usaid-akchanyn-kobun-ukrainaga-bergen-1091887892.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091888053_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_cec07dd777157ef0d74857ed97725c43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, usaid, кыскартуу
дүйнөдө, акш, дональд трамп, usaid, кыскартуу
Трамптын администрациясы USAID жамаатынын 97%ын кыскартууну пландоодо
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Дональд Трамптын администрациясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жамаатын 97 пайызга кыскартууну пландоодо. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, агенттикте дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашык адистен 294 адам кызматын сактап кала алат.
USAID агенттигин убактылуу жетектеп жаткан мамлекеттик катчы Марко Рубио администрация уюмдун ишин толугу менен текшерерин билдирген. Анын айтымында, USAID мамлекетке зыян келтирген чыгымдарды жасаган.
Миллиардер Илон Маск USAID агенттигин "криминалдык уюм" деп атап, аны жоюу керектигин билдирген эле. Дүйшөмбү күнү ал агенттикти жабууга Трамп макул болгонун кабарлаган.
Өткөн жумада USAID дүйнө жүзү боюнча агенттикке түздөн-түз жалданган кызматкерлердин дээрлик бардыгы административдик өргүүгө чыгарыларын билдирди. Ал эми CBS телеканалы өз булагына таянып уюмдун бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү жабыларын жана ал жердеги кызматкерлер чакыртып алынарын кабарлаган.