Жетекчи дарыгерлердин жеке клиникада иштөөсүн чектеген чара талкуу жаратууда
Жазылуу
Кыргыз медицина ассоциациясынын президенти, профессор Акпай Сарыбаев ооруканалардын жетекчилери менен бөлүм башчыларын жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорунун күнгөй-тескейи тууралуу пикирин билдирди.
Борбордогу жетекчилик кызматтагы дарыгерлер аталган мыйзам долбоорунун айрым нюанстарын талкуулап, билдирүү жасоону туура көрүп жатышат. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жетекчи дарыгерлердин жеке клиникада иштөөсүн чектеген чара талкуу жаратууда
Анын айтымында, учурда кабыл алынган мыйзам долбоору дарыгерлер арасында чоң талкуу жаратууда.
"Кыргызстандагы айрым көрүнүштөргө карай турган болсок, бул мыйзамдын туура жагы көп. Себеби жетекчилердин көбүнүн жеке клиникалары бар. Же ага байланышы байкалат. Бирок кызматтагы жетекчи менен катардагы кызматкердин айырмасы чоң. Жетекчилик кызматтагылардан, аткаминерлерден башка кызматкерлерге мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам жайылтылбайт. Ушул жагы бар. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин ооруканадагы бөлүм башчылар да жеке клиникаларда иштей албай калат. Аталган мыйзам долбоору талкууга чыкканда көп жетекчилер мага кайрылышты. Анткени финансылык жагын караганда дарыгерлер үчүн маселе жаратууда. "Дарыгерлер 70-80 миң сом айлык алып калды" деп жөн эле айта беришет. Учурда ашып кетсе 35 миң сом алышат. Бирок бөлүм башчы болуп иштегенде кечки 6дан кийин чарчап каласың. Ошентсе да айрымдар жумуш учурунда жеке ооруканаларга чуркап кетишүүдө. Негизинен "60 жаштан кийин жетекчилик кызматтан кетиши керек" деген талап коюу туура болчудай. Чет мамлекеттерде жетекчилик мөөнөт жок, бирок жаш курагы каралат. Бизде 80 жашка чейин кетпей жүрө берип, жаштарды да өстүрүшпөйт. Кээ бир жетекчилер хирург, терапевт катары абдан кыйын. Аларга консультант катары тыюу салбаш керек. Мисалы, жеке клиникада жаткан бир бейтаптын операциясын жасай алган Кыргызстанда эки-үч эле киши болсо, анын бири болгон жетекчинин жеке клиникага барып операция жасашына эмнеге тыюу салышыбыз керек. Ушундай нюанстар бар. Ал эми мамлекеттик ооруканада жасайын десе ага ылайык жабдык, аппарат жок болуп калышы мүмкүн. Мындай жагдайлар да кездешет. Ооба, мыйзамдын негизи дарыгерлер арасындагы коррупция менен күрөшүү болуп жатат. Чынында эле дарыгерлер арасында коррупция бар. Аны танбайбыз. Бирок практика жагын карап, бейтаптар менен иштеген дарыгерлер менен акылдашып, медицинанын абалын байкап туруп, анан өзгөртүүлөрдү киргизүү керек", — деди Сарыбаев.
Ал өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү практикасы болбогонун кошумчалады.