https://sputnik.kg/20250210/1091965884.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортундагы чектөө алындыТрамп Иран менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирдиИнтернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салган мыйзам күчүнө... 10.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-10T15:00+0600
2025-02-10T15:00+0600
2025-02-10T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091965752_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c595448960ad4ed201cbbd0393c30185.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортундагы чектөө алындыТрамп Иран менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирдиИнтернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салган мыйзам күчүнө кирдиАлдыда кененирээкИнтернетте мазактоого жана жалаа жабууга айып салган мыйзам күчүнө кирди. Документке президент Садыр Жапаров кол коюп, 31-январда расмий жарыяланган. Анда 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген. Мыйзам боюнча, социалдык тармактарда, интернетте жана ЖМКда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.
Ош шаарындагы «Ош Эл Аралык» аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.
Дарыгерлер 4 жыл бою Оштун тургундарынан COVID-19дан кийин калган белгилерди, тагыраагы, пост-ковиддик синдромду изилдеп чыгышты Алар 2020-жылдан 2024-жылга чейин коронавирус менен ооруган 360 бейтаптын ден соолугуна көзөмөл жүргүзгөн. Бул үчүн Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы бейтаптар тандап алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында 174 адамдан пост-ковиддик синдром аныкталган. Бул бейтаптарда соңку 2 жылдан бери коронавирустун курч мезгилиндегидей синдромдору (алсыздык, даам, жыт сезүүнүн жоголушу, жөтөл, диарея, деперессия) сакталып, ага жаңылары (муун оорусу, тынчсыздануу) да кошулганы айтылды.
Кыргызстанда 2024-жылы жүк ташуу көлөмү 5,9 пайызга өстү. Бул маалыматтарды Улуттук статистикалык комитети билдирет. Маалыматка ылайык, январь айынан декабрга чейин транспорттун бардык түрү менен ташылган жүктүн көлөмү 54 миллион тоннаны түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллион тоннага (5,9 пайызга) өскөн. Декабрда транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,3 миллион тоннага (5,7 пайызга) өстү. Жүк ташуулардын негизги бөлүгүн ишкерлер аткарышат.
Ат-Башыдагы Көл-Суунун жээгинде уникалдуу фестиваль өттү. Бул тууралуу Туризм фондунан кабарлашты. Иш-чарага Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер катышты. Аларга бүркүт салуу, шумкар менен аңчылык кылуу, тайган салуу жана жаа атуу оюну көрсөтүлүп, манас айтылган."Фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна -30 градустук суук тоскоолдук жарата алган жок. Музыкалык номерлер шаңдуу өтүп, коноктор улуттук тамактардан даам сызышты", — деп айтылат маалыматта. Фестивалды мындан ары жыл сайын өткөрүү пландалууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзгөндүн ордуна аны менен келишим түзүүгө даяр экенин америкалык New York Post гезитине билдирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Трамп буга чейин Иранга туруктуулукта өнүгүп-өсүүгө мүмкүндүк берген "верификацияланган" өзөктүк тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын айтып, бул иштерди кечиктирбей баштоого чакырган. "Мен Иран менен өзөктүк эмес келишим түзүүнү кааламакмын. Бомбалоонун ордуна эпке келүүгө ыктамакмын... Мен аларга келишим түзөм деп айтмакмын", – деген Трамп. Ошол эле учурда АКШ президенти Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктоодон баш тарткан.
Ош аэропортундагы чектөө алындыТрамп Иран менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирдиИнтернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салган мыйзам күчүнө кирдиАлдыда кененирээкИнтернетте мазактоого жана жалаа жабууга айып салган мыйзам күчүнө кирди. Документке президент Садыр Жапаров кол коюп, 31-январда расмий жарыяланган. Анда 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген. Мыйзам боюнча, социалдык тармактарда, интернетте жана ЖМКда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.Ош шаарындагы «Ош Эл Аралык» аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.Дарыгерлер 4 жыл бою Оштун тургундарынан COVID-19дан кийин калган белгилерди, тагыраагы, пост-ковиддик синдромду изилдеп чыгышты Алар 2020-жылдан 2024-жылга чейин коронавирус менен ооруган 360 бейтаптын ден соолугуна көзөмөл жүргүзгөн. Бул үчүн Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы бейтаптар тандап алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында 174 адамдан пост-ковиддик синдром аныкталган. Бул бейтаптарда соңку 2 жылдан бери коронавирустун курч мезгилиндегидей синдромдору (алсыздык, даам, жыт сезүүнүн жоголушу, жөтөл, диарея, деперессия) сакталып, ага жаңылары (муун оорусу, тынчсыздануу) да кошулганы айтылды. Кыргызстанда 2024-жылы жүк ташуу көлөмү 5,9 пайызга өстү. Бул маалыматтарды Улуттук статистикалык комитети билдирет. Маалыматка ылайык, январь айынан декабрга чейин транспорттун бардык түрү менен ташылган жүктүн көлөмү 54 миллион тоннаны түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллион тоннага (5,9 пайызга) өскөн. Декабрда транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,3 миллион тоннага (5,7 пайызга) өстү. Жүк ташуулардын негизги бөлүгүн ишкерлер аткарышат.Ат-Башыдагы Көл-Суунун жээгинде уникалдуу фестиваль өттү. Бул тууралуу Туризм фондунан кабарлашты. Иш-чарага Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер катышты. Аларга бүркүт салуу, шумкар менен аңчылык кылуу, тайган салуу жана жаа атуу оюну көрсөтүлүп, манас айтылган."Фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна -30 градустук суук тоскоолдук жарата алган жок. Музыкалык номерлер шаңдуу өтүп, коноктор улуттук тамактардан даам сызышты", — деп айтылат маалыматта. Фестивалды мындан ары жыл сайын өткөрүү пландалууда.АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзгөндүн ордуна аны менен келишим түзүүгө даяр экенин америкалык New York Post гезитине билдирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Трамп буга чейин Иранга туруктуулукта өнүгүп-өсүүгө мүмкүндүк берген "верификацияланган" өзөктүк тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын айтып, бул иштерди кечиктирбей баштоого чакырган. "Мен Иран менен өзөктүк эмес келишим түзүүнү кааламакмын. Бомбалоонун ордуна эпке келүүгө ыктамакмын... Мен аларга келишим түзөм деп айтмакмын", – деген Трамп. Ошол эле учурда АКШ президенти Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктоодон баш тарткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091965752_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_049fb339eb2e9ed72d9d448a5f91178a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио