https://sputnik.kg/20250210/rossiya-akshdan-ukraina-boyuncha-tak-belgi-ala-ehlek-1091958674.html
Небензя: Россия АКШдан Украина боюнча конкреттүү белги көрө элек
Небензя: Россия АКШдан Украина боюнча конкреттүү белги көрө элек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россияга азырынча АКШдан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн конкреттүү белгилер келе элек. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу... 10.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-10T10:47+0600
2025-02-10T10:47+0600
2025-02-10T10:47+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
атайын операция
владимир путин
василий небензя
дональд трамп
сүйлөшүүлөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091956791_0:0:2980:1677_1920x0_80_0_0_78da3d1c31399aa9dada95086090edfa.jpg
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россияга азырынча АКШдан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн конкреттүү белгилер келе элек. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.Дипломат Россия америкалык лидер Дональд Трамптын жанан анын администрациясынын Украина боюнча айткандарына тыкыр көз салып жатканын, диалогго ачык экенин белгилеген.Өкүл абалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы белгилүү экенин, анын баарын РФ президенти Владимир Путин 2024-жылдын июнунда айтканын белгиледи. Небензя ишенимдүү, аткарылууга милдеттендирилген келишим түзүлүп, чырдын түпкү себеби жоюлушу шарт экенине токтолгон. Башкача айтканда, НАТО Чыгышка кеңейүүдөн жана Украинадагы орус тилдүү тургундардын укугун тебелөөдөн баш тартышы кажет.Мындан тышкары, дипломат учурдун реалдуулугу да сөзсүз эске алынышы керектигин белгилеген."Дональд Трамптын Жо Байден президент болуп турганда Украина боюнча чоң ката кетти деген билдирүүсүн уктук. Макул болбой коюу мүмкүн эмес. Карама-каршылыктын түпкү себебин көз жаздымда калтыруу жана Россиянын коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусунун эске алынбай калышы азыркы абалды шарттады. Эми Трамптын администрациясы кеткен кемчиликтерди жоюуга кызыкдарбы-жокпу, жакында билебиз", — деди Небензя.АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин РФ лидери Владимир Путин менен жолугуу ниети бар экенин бир нече ирет айткан, январдын башында командасы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу процессин баштаганын жар салган эле. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва менен Вашингтондун ортосунда бул боюнча эч кандай макулдашуу болгон эмес, бирок Россия тиешелүү сунуштарды угууга даяр.Путин Украина кризисин жөнгө салуунун максаты кыска мөөнөттүү элдешүү эмес, узакка созулчу тынчтык болушу керектигин эскерткен. Ал Москва мындан ары да россиялыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшөрүн, атайын операциянын мааниси да ушунда экенин белгилеген болчу. Путин эгер компромисске келүү каалоосу күч болсо сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да жүргүзүү мүмкүн экенин кошумчалаган. Президенттин айтымында, мында кеп акыркы документтерге кимдин колу коюларында, Зеленский мөөнөтү аяктагандыктан эч нерсеге кол кое албайт.
https://sputnik.kg/20250210/akshda-ukraina-rf-menen-suyloshuu-boyuncha-kayradan-aytyluuda-1091958122.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091956791_249:0:2980:2048_1920x0_80_0_0_9805a3a119adb68b1fd3d03f3b2ebda1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, владимир путин, василий небензя, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, владимир путин, василий небензя, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россияга азырынча АКШдан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн конкреттүү белгилер келе элек. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын
РИА Новости жазды.
Дипломат Россия америкалык лидер Дональд Трамптын жанан анын администрациясынын Украина боюнча айткандарына тыкыр көз салып жатканын, диалогго ачык экенин белгилеген.
"АКШ президенти Трамп менен командасынын айткан-дегенине жакшылап көз салуудабыз. Тең ата жана өз ара сый-урматка негизделген диалогго ачыкпыз. Байланышты жандантуу боюнча эч кандай так сунуш түшө элек. Жаңы администрация украин маселесин жөнгө салуу боюнча позициясын аныктап-тактап алгандан кийин карай баштайбыз. Азырынча ураандар эле жаңырып жатат", — деди Небензя.
Өкүл абалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы белгилүү экенин, анын баарын РФ президенти Владимир Путин 2024-жылдын июнунда айтканын белгиледи. Небензя ишенимдүү, аткарылууга милдеттендирилген келишим түзүлүп, чырдын түпкү себеби жоюлушу шарт экенине токтолгон. Башкача айтканда, НАТО Чыгышка кеңейүүдөн жана Украинадагы орус тилдүү тургундардын укугун тебелөөдөн баш тартышы кажет.
Мындан тышкары, дипломат учурдун реалдуулугу да сөзсүз эске алынышы керектигин белгилеген.
"Дональд Трамптын Жо Байден президент болуп турганда Украина боюнча чоң ката кетти деген билдирүүсүн уктук. Макул болбой коюу мүмкүн эмес. Карама-каршылыктын түпкү себебин көз жаздымда калтыруу жана Россиянын коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусунун эске алынбай калышы азыркы абалды шарттады. Эми Трамптын администрациясы кеткен кемчиликтерди жоюуга кызыкдарбы-жокпу, жакында билебиз", — деди Небензя.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин РФ лидери Владимир Путин менен жолугуу ниети бар экенин бир нече ирет айткан, январдын башында командасы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу процессин баштаганын жар салган эле. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва менен Вашингтондун ортосунда бул боюнча эч кандай макулдашуу болгон эмес, бирок Россия тиешелүү сунуштарды угууга даяр.
Путин Украина кризисин жөнгө салуунун максаты кыска мөөнөттүү элдешүү эмес, узакка созулчу тынчтык болушу керектигин эскерткен. Ал Москва мындан ары да россиялыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшөрүн, атайын операциянын мааниси да ушунда экенин белгилеген болчу. Путин эгер компромисске келүү каалоосу күч болсо сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да жүргүзүү мүмкүн экенин кошумчалаган. Президенттин айтымында, мында кеп акыркы документтерге кимдин колу коюларында, Зеленский мөөнөтү аяктагандыктан эч нерсеге кол кое албайт.