00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда сот арачылар институтун киргизүүнү 10 жылга жылдыруу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте дароо үч окууда каралып, колдоо тапты. Документте сунуш аталган институттун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, анын ичинде каржылоо булактарын аныктоо жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү максатында жасалганы айтылган.Ошондой эле мыйзам 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кириши керектиги белгиленген. Эске салсак, учурдагы мыйзам боюнча, бул институт 2025-жылдан баштап ишке киргизилмек.
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Механизм 2025-2026-окуу жылында ишке ашырылып, Баткен облусунан башка аймактарда педагогикалык адистиктер боюнча жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлигине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук апробациянын жыйынтыгын чыгарып, президенттик администрацияга сунуштарды берүү тапшырылды. Ошондой эле абитуриенттерди кабыл алуу системасын ваучерлерди кабыл алууга ылайыкташтыруу сунушталган.
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалды. Бул тууралуу бизге маалымат булактарыбыз билдирди. Ага ылайык, Тойчубеков MCN Coin иши боюнча кармалган. Буга чейин MCN коиндин уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков "криптовалютаны" үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген. Ал жалпы жонунан 2,5 миллион доллар пайда тапканын айткан. Кечээ "криптовалютага" акчасын салып алдангандардын 898ине 1 миллион 700 миң доллар кайтарылганын ИИМден билдиришти.
Жыл соңуна чейин дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техниканы лизингге берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникалары берилүүдө. "Мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 18,2 миллиард сомго 7 118 техника дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2025-жылдын январь айында 402,8 миллион сомго 84 техника берилген. Ошондой эле 2025-жылы жалпы лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техника берүү пландалууда", — деп айтылган маалыматта.Айыл чарба техникалары 6 пайыз менен жети жылдык мөөнөткө банктар аркылуу лизингге берилип жатканы кошумчаланды.
Польша украин жаңжалы аягына чыккан соң Украина Куралдуу күчтөрүнүн психикалык жактан жабыркаган согушкерлери каптап келерине даяр болушу керек. Бул тууралуу Wirtualna Polska порталына маек куруп жатып аскердик психиатр Радослав Творус айтканын РИА Новости кабарлады. Анын айтымында, бул жоокерлер коомчулук үчүн бир топ көйгөй жаратат.Дарыгер психикалык көйгөйлөргө "аскердик аракеттер күчөтүп жиберген" өнөкөт оорулар да кошулушу мүмкүн экенин белгилеген. Анын айтымында, мындай көрүнүш Польшага эле эмес, бүтүндөй Евробиримдикке да кесепетин тийгизет, себеби кечээ жакында эле согушка катышкан адамдагы өзгөрүүлөр башында дээрлик байкалбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0