https://sputnik.kg/20250211/adylbek-kasymaliyev-tekhnologiya-innovatsiya-1091993543.html
Касымалиев: глобалдык таасир мындан ары аймак, ресурс менен аныкталбасы белгилүү
Касымалиев: глобалдык таасир мындан ары аймак, ресурс менен аныкталбасы белгилүү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 11.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-11T15:56+0600
2025-02-11T15:56+0600
2025-02-11T15:56+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
технологиялар
инновациялар
санариптештирүү
сүрөт
дубай
бириккен араб эмирлиги
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091993231_21:0:3662:2048_1920x0_80_0_0_b5ac885aaea9af21ec699932372c912c.jpg
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.Ал Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде "Өнүгүп келе жаткан глобалдык таасир" форумун ачып жатып, мурда глобалдык таасир аймак, калк, ресурстар жана аскердик күч менен аныкталса, бүгүнкү күндө бул факторлор экинчи планга өтүп баратканын айтты.Минкаб башчысы Сингапур, Эстония, Дубайды лидер катары мисал келтирип, алар аймак же ресурстар менен эмес, инновация жана стратегиялык башкарууга негизделгенин белгиледи."Мамлекеттер глобалдык саясаттын негизги факторлору бойдон калууда, бирок алар бүгүн жаңы реалдуулукта иш алып барып жатат. Салттуу бийлик инструменттеринен тышкары биз азыр глобалдык технология платформаларынын, экосистемалардын жана корпоративдик альянстардын таасирин эске алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз корпорацияларды, технологиялык платформаларды, эл аралык каржы институттарын жана санариптик тармактарды камтыган таасирдин жаңы экосистемаларын көрүп жатабыз", — деген өкмөт башчы.Касымалиев Google, Open AI, Amazon, Microsoft, Apple, TikTok жана Netflix платформаларын мисал келтирип, булар өз багытына тиешелүү экосистеманы калыптандырып жатканына токтолду. Мындай шартта Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.Эске салсак, Касымалиев учурда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмирликтери) жумуш сапары менен жүрөт.
https://sputnik.kg/20250205/kyrgyzstan-kytay-kol-koyulgan-dokumentter-1091870051.html
дубай
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091993231_476:0:3207:2048_1920x0_80_0_0_5f75e9f06abefa862df1ad40550175f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, технологиялар, инновациялар, санариптештирүү, сүрөт, дубай, бириккен араб эмирлиги
кыргызстан, адылбек касымалиев, технологиялар, инновациялар, санариптештирүү, сүрөт, дубай, бириккен араб эмирлиги
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде "Өнүгүп келе жаткан глобалдык таасир" форумун ачып жатып, мурда глобалдык таасир аймак, калк, ресурстар жана аскердик күч менен аныкталса, бүгүнкү күндө бул факторлор экинчи планга өтүп баратканын айтты.
"Заманбап дүйнөнү технологиялар, экономикалык тармактар, маалыматтык агымдар жана ой жүгүртүү стандарттары калыптандырууда. Маселе ресурстарга ээлик кылгандарда эмес, аларды пайдалануунун эрежелерин аныктагандар, экосистемаларды түзүп, стандарттарды белгилеп, келечекке стратегиялык көз карашты түзүүдө жатат. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү. Кылымдар бою бийликтин негизин жер, жаратылыш ресурстары, аскердин көлөмү жана экономикалык күч түзүп келген. Бирок бүгүнкү күндө бул көрүнүш тездик менен өзгөрүүдө", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы Сингапур, Эстония, Дубайды лидер катары мисал келтирип, алар аймак же ресурстар менен эмес, инновация жана стратегиялык башкарууга негизделгенин белгиледи.
"Мамлекеттер глобалдык саясаттын негизги факторлору бойдон калууда, бирок алар бүгүн жаңы реалдуулукта иш алып барып жатат. Салттуу бийлик инструменттеринен тышкары биз азыр глобалдык технология платформаларынын, экосистемалардын жана корпоративдик альянстардын таасирин эске алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз корпорацияларды, технологиялык платформаларды, эл аралык каржы институттарын жана санариптик тармактарды камтыган таасирдин жаңы экосистемаларын көрүп жатабыз", — деген өкмөт башчы.
Касымалиев Google, Open AI, Amazon, Microsoft, Apple, TikTok жана Netflix платформаларын мисал келтирип, булар өз багытына тиешелүү экосистеманы калыптандырып жатканына токтолду. Мындай шартта Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Касымалиев учурда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмирликтери)
жумуш сапары менен жүрөт.