https://sputnik.kg/20250211/aksh-evropanyn-ukrainaga-kuraldy-kop-satyp-beruusun-kaalayt-1091992836.html
АКШ Европа Украинага курал-жаракты арбын сатып берсе дейт
АКШ Европа Украинага курал-жаракты арбын сатып берсе дейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы европалык союздаштарын Украинага америкалык куралдарды көбүрөөк сатып беришине... 11.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-11T15:51+0600
2025-02-11T15:51+0600
2025-02-11T15:51+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
россия
атайын операция
курал
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091992951_0:57:3182:1847_1920x0_80_0_0_bb3f43e69b9f1f77dc94b7d12ba01829.jpg
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы европалык союздаштарын Украинага америкалык куралдарды көбүрөөк сатып беришине түрткөн кадамды пландап жатат. Бул туурасында Рейтер агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.Агенттиктин кабарына таянсак, бул кадам Украинанын сүйлөшүү позициясын жакшыртышы мүмкүн. Маалымат булактары аткаминерлер (анын ичинде Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог) коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы учурунда европалык союздаштарынын курал алып берүүсүн талкуулай турганын айтышкан.Келлог маектешүү учурунда мурдагы президент Жозеф Байдендин убагында Киевге курал берүү жактырылгандыгын жана бүгүнкү күндө да жеткирилип жатканын тастыктаган.Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашууда.
https://sputnik.kg/20250204/aksh-ukrainaga-kural-zharak-zhonotuunu-zhandantty-1091828881.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091992951_67:0:2798:2048_1920x0_80_0_0_fe5191cb1c1cbef6067627a403578764.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, россия, атайын операция, курал
дүйнөдө, акш, украина, россия, атайын операция, курал
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы европалык союздаштарын Украинага америкалык куралдарды көбүрөөк сатып беришине түрткөн кадамды пландап жатат. Бул туурасында Рейтер агенттиги билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Трамптын администрациясы европалык союздаштарын америкалык өндүрүштөн чыккан курал-жаракты Украинага көп сатып беришин шарттаган план түзүп жатат", — деп айтылат макалада.
Агенттиктин кабарына таянсак, бул кадам Украинанын сүйлөшүү позициясын жакшыртышы мүмкүн. Маалымат булактары аткаминерлер (анын ичинде Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог) коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы учурунда европалык союздаштарынын курал алып берүүсүн талкуулай турганын айтышкан.
Келлог маектешүү учурунда мурдагы президент Жозеф Байдендин убагында Киевге курал берүү жактырылгандыгын жана бүгүнкү күндө да жеткирилип жатканын тастыктаган.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашууда.