https://sputnik.kg/20250212/rossiya-aksh-ukraina-sogush-atajyn-operaciya-1092025962.html
Пентагондон Украинадагы согуш оор учуруна жеткенин айтышты
Пентагондон Украинадагы согуш оор учуруна жеткенин айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Украинага 2014-жылга чейинки чек араларын кайтаруу мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдирген. 12.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-12T22:00+0600
2025-02-12T22:00+0600
2025-02-13T15:45+0600
дүйнөдө
акш
пентагон
россия
украина
атайын операция
диалог
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
питер хегсет
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092036453_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_22c1d2cd101361f13a0a8734fee9b753.jpg
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Украинага 2014-жылга чейинки чек араларын кайтаруу мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдирген.Ал Украинага жардам берүү боюнча байланыш тобунун отурумунун ачылышында аталган согуш эң оор учуруна келип такалганын айтканын РИА Новости жазды. Ошондой эле Пентагон башчысы президент Дональд Трамп жаңжалды токтотуу ниетинде экенин билдирген. Анын айтымында, Европанын коопсуздугун камсыздоо НАТОнун мурдагы мүчөлөрү үчүн башкы орунда болушу керек. Ошол эле учурда Киевге алдыдагы аскердик жана аскердик эмес жардамдардын негизги бөлүгүн Европа өлкөлөрү өздөрүнүн мойнуна алышы керек деген оюн билдирген.Министр Вашингтон Украинанын НАТОго кириши жаңжалды жөнгө салуудагы оң чечим деп эсептебей турганын, Украина үчүн коопсуздук кепили аймакка кирбеген Европа өлкөлөрүнүн күчү менен камсыздалышы керектигин белгилеген. Айтымында, АКШ ал жакка өзүнүн аскерлерин жөнөтпөйт. Хегсет Украинадагы жаңжал дипломатиялык жол менен жөнгө салынышы кажет экенин, эки тарап тең кепке келиши зарыл экенин белгилеген.Украина маселесин жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясыБылтыр июнда РФ лидери Владимир Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын айткан. Россия төмөнкү шарттарда ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет:Мамлекет башчы антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.
https://sputnik.kg/20241116/pentagon-ukraina-sayasat-1090216480.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092036453_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_5f35acd73baa157be6bcfad948f92883.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, пентагон, россия, украина, атайын операция, диалог, питер хегсет
дүйнөдө, акш, пентагон, россия, украина, атайын операция, диалог, питер хегсет
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Украинага 2014-жылга чейинки чек араларын кайтаруу мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдирген.
Ал Украинага жардам берүү боюнча байланыш тобунун отурумунун ачылышында аталган согуш эң оор учуруна келип такалганын айтканын
РИА Новости жазды.
"Согуштун башталганы үчүнчү жылга кетип, оор учурга келгенин көрүүдөбүз. Бул боюнча биз ачык-айкын билдире турган нерсе — кан төгүү токтотулуп, кармаш аякташы керек", — деген АКШнын коргонуу министри.
Ошондой эле Пентагон башчысы президент Дональд Трамп жаңжалды токтотуу ниетинде экенин билдирген. Анын айтымында, Европанын коопсуздугун камсыздоо НАТОнун мурдагы мүчөлөрү үчүн башкы орунда болушу керек. Ошол эле учурда Киевге алдыдагы аскердик жана аскердик эмес жардамдардын негизги бөлүгүн Европа өлкөлөрү өздөрүнүн мойнуна алышы керек деген оюн билдирген.
Министр Вашингтон Украинанын НАТОго кириши жаңжалды жөнгө салуудагы оң чечим деп эсептебей турганын, Украина үчүн коопсуздук кепили аймакка кирбеген Европа өлкөлөрүнүн күчү менен камсыздалышы керектигин белгилеген. Айтымында, АКШ ал жакка өзүнүн аскерлерин жөнөтпөйт. Хегсет Украинадагы жаңжал дипломатиялык жол менен жөнгө салынышы кажет экенин, эки тарап тең кепке келиши зарыл экенин белгилеген.
Украина маселесин жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы
Былтыр июнда РФ лидери Владимир Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын айткан. Россия төмөнкү шарттарда ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет:
Украина НАТОго кошулуу оюнан расмий баш тартышы керек;
Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы аймактарынан чыгып кетиши зарыл;
Киев бийлиги демилитаризация жана денацификация жасоосу кажет;
Украина нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы шарт.
Мамлекет башчы антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.

16 Жетинин айы 2024, 10:39