https://sputnik.kg/20250217/1092106979.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Муздардын эриши менен кооптуу вирус тарашы мүмкүн. Окумуштуунун божомолуМүлк сатууда салык карызы тууралуу маалым кат эми талап кылынбайтБылтыр мигранттар... 17.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-17T11:00+0600
2025-02-17T11:00+0600
2025-02-17T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/11/1092106847_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_651c1a4b41a676ed408bdd8866382796.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Муздардын эриши менен кооптуу вирус тарашы мүмкүн. Окумуштуунун божомолуМүлк сатууда салык карызы тууралуу маалым кат эми талап кылынбайтБылтыр мигранттар өлкөгө 3 млрд. долларга чукул акча которушканАлдыда кененирээкКыймылсыз мүлк операцияларында (сатуу, белекке берүү ж.б.) салык карызы тууралуу маалым кат алуу автоматташтырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. "24-февралда Салык кызматы менен Кадастр органынын маалымат тутумдары интеграцияланат. Мындан улам мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат алуу үчүн кайрылуунун зарылдыгы жоюлат. Ал автоматтык түрдө жеткиликтүү болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле карызы барларга аны ошол жерден эле онлайн төлөөгө мүмкүндүк түзүлгөнү кошумчаланды.
Былтыр чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине дээрлик үч миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, которулган каражаттын 2,7 миллиард доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. Тагыраагы, 2024-жылы 2 миллиард 989,5 миллион доллар сырттан которулган. Анын 2 миллиард 790,5 миллион доллары Россиядан келген. 2023-жылы чет жактардан 2 миллиард 706,1 миллион доллар келсе, анын 2,6 миллиард доллары ЕАЭБге туура келген.
Муз менен түбөлүк тоң эригенде кошо тарай турчу вирустарга адамзаты даяр эмес. Мындай пикирин РИА Новостиге Нобель сыйлыгынын лауреаты, БУУнун башкы катчысынын климаттын өзгөрүүсү боюнча мурдагы кеңешчиси Рае Квон Чунг билдирди. Агенттиктин маектешинин айтымында, мындай вирустар Гренландияда, Канаданын түндүгүндө жана Россияда музда жана түбөлүк тоңдо жашашы мүмкүн. Алар жылдап жаткан муздардын эриши менен сыртка тарашы ыктымал. Окумуштуу адамзат мындай вирустарга каршы турууга даяр эмес деп эсептейт. "Мен ошондой деп ойлойм, анткени ал жерде кандай вирустар бар экенин билбейбиз да. Күйдүргүнү мисалга алсак болот (оор шарттарда жашап кете ала турган айрым бактериялары тоңдо сакталышы мүмкүн — ред.), андан башкалары да болушу ыктымал", — деген окумуштуу. Буга байланыштуу илимпоз мындан бир нече жыл мурда жарыяланган илимий докладды эске салган. Изилдөөдө тундрада түбөлүк тоң эрип кеткенде жүздөгөн вирустар чыгышы мүмкүндүгү, алардын айрымдары адамзат үчүн коркунучтуу экени айтылган.
АКШ Россия жана Украина менен өз-өзүнчө жолугушуп, андан соң эки тараптын катышуусунда биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости америкалык NBC телеканалына таянып жазды. "Америкалык эки аткаминер Кошмо Штаттар Россия, андан соң Украина менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, булардан кийин гана биргелешкен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча пландар бардыгын айтып берди", — деп кабарлаган телеканал. Өткөн аптанын шаршемби күнү, тагыраагы, 12-февралда, РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон 1,5 сааттай сүйлөшкөнү маалым болгон.
Муздардын эриши менен кооптуу вирус тарашы мүмкүн. Окумуштуунун божомолуМүлк сатууда салык карызы тууралуу маалым кат эми талап кылынбайтБылтыр мигранттар өлкөгө 3 млрд. долларга чукул акча которушканАлдыда кененирээкКыймылсыз мүлк операцияларында (сатуу, белекке берүү ж.б.) салык карызы тууралуу маалым кат алуу автоматташтырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. "24-февралда Салык кызматы менен Кадастр органынын маалымат тутумдары интеграцияланат. Мындан улам мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат алуу үчүн кайрылуунун зарылдыгы жоюлат. Ал автоматтык түрдө жеткиликтүү болот", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле карызы барларга аны ошол жерден эле онлайн төлөөгө мүмкүндүк түзүлгөнү кошумчаланды.Былтыр чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине дээрлик үч миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, которулган каражаттын 2,7 миллиард доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. Тагыраагы, 2024-жылы 2 миллиард 989,5 миллион доллар сырттан которулган. Анын 2 миллиард 790,5 миллион доллары Россиядан келген. 2023-жылы чет жактардан 2 миллиард 706,1 миллион доллар келсе, анын 2,6 миллиард доллары ЕАЭБге туура келген.Муз менен түбөлүк тоң эригенде кошо тарай турчу вирустарга адамзаты даяр эмес. Мындай пикирин РИА Новостиге Нобель сыйлыгынын лауреаты, БУУнун башкы катчысынын климаттын өзгөрүүсү боюнча мурдагы кеңешчиси Рае Квон Чунг билдирди. Агенттиктин маектешинин айтымында, мындай вирустар Гренландияда, Канаданын түндүгүндө жана Россияда музда жана түбөлүк тоңдо жашашы мүмкүн. Алар жылдап жаткан муздардын эриши менен сыртка тарашы ыктымал. Окумуштуу адамзат мындай вирустарга каршы турууга даяр эмес деп эсептейт. "Мен ошондой деп ойлойм, анткени ал жерде кандай вирустар бар экенин билбейбиз да. Күйдүргүнү мисалга алсак болот (оор шарттарда жашап кете ала турган айрым бактериялары тоңдо сакталышы мүмкүн — ред.), андан башкалары да болушу ыктымал", — деген окумуштуу. Буга байланыштуу илимпоз мындан бир нече жыл мурда жарыяланган илимий докладды эске салган. Изилдөөдө тундрада түбөлүк тоң эрип кеткенде жүздөгөн вирустар чыгышы мүмкүндүгү, алардын айрымдары адамзат үчүн коркунучтуу экени айтылган.АКШ Россия жана Украина менен өз-өзүнчө жолугушуп, андан соң эки тараптын катышуусунда биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости америкалык NBC телеканалына таянып жазды. "Америкалык эки аткаминер Кошмо Штаттар Россия, андан соң Украина менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, булардан кийин гана биргелешкен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча пландар бардыгын айтып берди", — деп кабарлаган телеканал. Өткөн аптанын шаршемби күнү, тагыраагы, 12-февралда, РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон 1,5 сааттай сүйлөшкөнү маалым болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/11/1092106847_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3b201931e216808c3618abe74e02896d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио