https://sputnik.kg/20250219/1092145177.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент спикери баш болгон тогуз депутат иштеп... 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T08:59+0600
2025-02-19T08:59+0600
2025-02-19T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092145045_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e22bd9262bca8c2b00c44b688742c15.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент спикери баш болгон тогуз депутат иштеп чыккан. Ага ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи.Долбоордо 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат. Аймактарды, анын чегин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт; талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга берилет; 25 жашка чыккан, жогорку билимдүү жана акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны талапкер боло алат; 30 мандат аялдарга квота катары бөлүнөт. Аял-талапкерлердин ичинен эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат. партиялар ар бир округдан бирден талапкерди көрсөтөт. Ошондой эле партиялар алардын мүчөсү болбогон жаранды дагы талапкер катары көрсөтө алышат; депутаттын орду бошогондо ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет. Эске салсак, учурда өлкөдө аралаш шайлоо системасы колдонулат.
Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат."Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.Министрлик реконструкциялоо учурунда ГЭСтердин кубаттуулугу кыскарарын, андыктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүндү.
2025-2026-окуу жылында 2018-2019-жылдары туулган, бала бакчаларда даярдоо тобун жана нөлүнчү классты аяктаган балдар 2-класска барат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Жусупбекованын айтымында, алар дагы мектепти 17 жашында бүтүрүшөт. 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. Алгачкы 12 жылдык билим берүү тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылында берилет.
Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы Батыш дүйнөсү демократия менен коопсуздуктун эталону болбой калганын көрсөттү. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Захарова, мындан сырткары, бул күндөрү дүйнө коомчулугунда өтө көп талкууланып жаткан Россия менен АКШнын алакасы евроатлантикалык русофобдордун түн уйкусун бөлүп жатканына токтолду.Эске салсак, АКШ менен Россиянын кепке келип, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын буга чейинки телефондон сүйлөшүүсү жана Эр-Риядда эки өлкө делегацияларынын диалогуна Евробиримдик нааразы болуп турат.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент спикери баш болгон тогуз депутат иштеп чыккан. Ага ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи.Долбоордо 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат. Аймактарды, анын чегин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт; талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга берилет; 25 жашка чыккан, жогорку билимдүү жана акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны талапкер боло алат; 30 мандат аялдарга квота катары бөлүнөт. Аял-талапкерлердин ичинен эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат. партиялар ар бир округдан бирден талапкерди көрсөтөт. Ошондой эле партиялар алардын мүчөсү болбогон жаранды дагы талапкер катары көрсөтө алышат; депутаттын орду бошогондо ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет. Эске салсак, учурда өлкөдө аралаш шайлоо системасы колдонулат.Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат."Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.Министрлик реконструкциялоо учурунда ГЭСтердин кубаттуулугу кыскарарын, андыктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүндү.2025-2026-окуу жылында 2018-2019-жылдары туулган, бала бакчаларда даярдоо тобун жана нөлүнчү классты аяктаган балдар 2-класска барат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Жусупбекованын айтымында, алар дагы мектепти 17 жашында бүтүрүшөт. 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. Алгачкы 12 жылдык билим берүү тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылында берилет.Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы Батыш дүйнөсү демократия менен коопсуздуктун эталону болбой калганын көрсөттү. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Захарова, мындан сырткары, бул күндөрү дүйнө коомчулугунда өтө көп талкууланып жаткан Россия менен АКШнын алакасы евроатлантикалык русофобдордун түн уйкусун бөлүп жатканына токтолду.Эске салсак, АКШ менен Россиянын кепке келип, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын буга чейинки телефондон сүйлөшүүсү жана Эр-Риядда эки өлкө делегацияларынын диалогуна Евробиримдик нааразы болуп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092145045_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_64a064d60f66f07c8bc0bd04c171fdd0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио