00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
Как Кыргызстану зарабатывать на туризме круглый год?
18:10
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жеңил атлетика спортунда инфратүзүм кандай жакшырууда?
19:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Изъятие частной собственности: что предлагает новый Земельный кодекс? Разбор спорных норм
20:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Унаасын камсыздандыргандар кандай артыкчылыктарга ээ болот? - ОСАГОнун пайдасы жана талаштуу жагдайлары
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшаркан Култаеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуусуна макулдук беришти.Ал эми анын ордуна депутат болуп келген Гүлсүнкан Жунушалиева парламентте ант берди.Эске салсак, Култаева буга чейин мандатын тапшырып, ордуна Жунушалиева келгени айтылган.Гүлсүнкан Жунушалиева юридикалык илимдин магистри. Философия илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун отличниги.
2025-жылга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору бекитилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 4 млрд 92 млн 769 миң 440 сомдон кем эмес суммага 10 пайыз чен менен насыя берүү каралган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү "мал чарбачылыгы", "өсүмдүк өстүрүү", "сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар" менен алектенгендарге 36 ай, ал эми "Айыл чарба техникаларынын лизинги" мөөнөтү 84 ай. Белгилей кетсек, насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу, 300 миң сомго чейин күрөөсүз негизде, 1 млн сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет.
Айланма жолду кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда. Узундугу 33,4 чакырым жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, тротуар жана байламта жолдорду куруу пландалууда. Бул жол менен шаардыктар Дордой базарына барса, уландысы Бишкек — Торугарт трассасына кошулат. Жолду кеңейтүү үчүн 300дөн ашык мыйзамсыз курулуш алынып, трасса жээгине тротуар түшөт. Мэрия быйыл 15 чакырым жолду асфальттоону пландап жатат. Жолду Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы реконструкциялайт. Маалыматтын видеосун спутник.кж сайтынан көрсөңүз болот.
Адистер Бишкек шаарына кара бак, гледичия, эмен, зараң, липа сыяктуу жалбырактуу дарак менен бадалдарды отургузууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Маалыматка ылайык, сунуш "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын жашылдандыруу боюнча алдыңкы адистери тарабынан жасалган. "Бүгүнкү күндө жалбырактуу дарактар шаардык чөйрөдө ийне жалбырактуу дарактарга караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, алар абаны тазалоочу табигый чыпка катары кызмат кылат. Жөнөкөй келип, ысык мезгилде айлана-чөйрөнүн температурасын төмөндөтүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.
90 метрлик астероид 2032-жылы Жерге урунушу мүмкүн экенин Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы (НАСА) билдирди. Анын айтымында, 2024 YR4 астероиди менен кагылышуу ыктымалдыгы акыркы айларда 3,1 пайызга чейин өскөн. Буга чейин АКШнын космос агенттиги кагылышуу ыктымалдыгы 1 пайыздан 2,3 пайызга чейин жогорулаганын билдирген. 2024 YR4 астероиди 2024-жылдын декабрынын аягында табылган. Анын диаметри Челябинск метеоритинин диаметринен 3-4 эсе чоң. 30-январда НАСА бул Жер менен кагылышуу мүмкүнчүлүгү 1 пайыздан ашкан жалгыз астероид экенин жарыялады. 2024 YR4түн диаметри 90 метрге жетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0