https://sputnik.kg/20250219/1092163808.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иштер... 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T19:00+0600
2025-02-19T19:00+0600
2025-02-19T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092163676_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_93397495db7026cc23a289735f9cb3b2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат. "Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт", — деп айтылат маалыматта. Министрлик реконструкциялоо учурунда ГЭСтердин кубаттуулугу кыскарарын, андыктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүндү.
Бишкектен Аксыдагы Кербен шаарына алгачкы аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн "Асман аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы алгачкы техникалык учуу жасаган. Эске салсак, бул багыттагы каттам 1-марттан тарта ишке кирет. Рейстер ар жуманын ишембисинде аткарылат.
Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу, адистештирилген транспорт жана жабдуу чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев кабарлады. Маалыматка ылайык, курулушка 44 миң 800 чарчы метр жер тилкеси бөлүнгөн. Текебаев курулуш иштери толугу менен башталып, жакын арада өндүрүшкө керектүү жабдуулар орнотуларын белгиледи. Долбоор ишке кирсе 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.
“Федя. Элдик футболчу" тасмасынын бет ачары бизде өтүп жаткандыгы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиги. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында откон "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги спорт чебери, советтик футболчу, “Спартактын” жарым коргоочусу Федор Черенков жөнүндөгү тартылган "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын режиссерлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды тандап алып тасманын бет ачары корсотулду.Ал белгилегендей, тасма спортчулардын бир нече муунун даярдаган адам жөнүндө. “Тасманын жаратуучулары мекенге, жашоого, достукка болгон сүйүүнү чагылдырышкан. Бул тасманын жаңы муундун тарбиясына өзгөчө таасири бар”,-деп кошумчалады ал.
Ооруканаларда өрт коопсуздугу сакталбаса жетекчини кызматтан алуу каралат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында өрт коопсуздугунун эрежелери, талаптарынын аткарылышы жана сакталышы текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, ооруканадагы бөлүмдөр тыкыр көзөмөлгө алынып, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары, эвакуация планы, өрттү автоматтык түрдө кабарлоочу орнотмолору, техникалык коопсуздук боюнча нускамалар жана ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарынын иш кагаздары текшерилди. Жыйынтыгында кемчиликтер аныкталып, 30 күн ичинде калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.
Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат. "Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт", — деп айтылат маалыматта. Министрлик реконструкциялоо учурунда ГЭСтердин кубаттуулугу кыскарарын, андыктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүндү.Бишкектен Аксыдагы Кербен шаарына алгачкы аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн "Асман аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы алгачкы техникалык учуу жасаган. Эске салсак, бул багыттагы каттам 1-марттан тарта ишке кирет. Рейстер ар жуманын ишембисинде аткарылат.Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу, адистештирилген транспорт жана жабдуу чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев кабарлады. Маалыматка ылайык, курулушка 44 миң 800 чарчы метр жер тилкеси бөлүнгөн. Текебаев курулуш иштери толугу менен башталып, жакын арада өндүрүшкө керектүү жабдуулар орнотуларын белгиледи. Долбоор ишке кирсе 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.“Федя. Элдик футболчу" тасмасынын бет ачары бизде өтүп жаткандыгы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиги. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында откон "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги спорт чебери, советтик футболчу, “Спартактын” жарым коргоочусу Федор Черенков жөнүндөгү тартылган "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын режиссерлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды тандап алып тасманын бет ачары корсотулду.Ал белгилегендей, тасма спортчулардын бир нече муунун даярдаган адам жөнүндө. “Тасманын жаратуучулары мекенге, жашоого, достукка болгон сүйүүнү чагылдырышкан. Бул тасманын жаңы муундун тарбиясына өзгөчө таасири бар”,-деп кошумчалады ал.Ооруканаларда өрт коопсуздугу сакталбаса жетекчини кызматтан алуу каралат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында өрт коопсуздугунун эрежелери, талаптарынын аткарылышы жана сакталышы текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, ооруканадагы бөлүмдөр тыкыр көзөмөлгө алынып, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары, эвакуация планы, өрттү автоматтык түрдө кабарлоочу орнотмолору, техникалык коопсуздук боюнча нускамалар жана ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарынын иш кагаздары текшерилди. Жыйынтыгында кемчиликтер аныкталып, 30 күн ичинде калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092163676_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aefdfe3685781dcf5a1fb431943a8278.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио