https://sputnik.kg/20250219/1092160382.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоого катышууну жакшыртуу үчүн лотерея ойнотууну сунуштады.Эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде... 19.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-19T17:00+0600
2025-02-19T17:00+0600
2025-02-19T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092160250_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1bc3600616c0c9246157d419607d127f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоого катышууну жакшыртуу үчүн лотерея ойнотууну сунуштады.Эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде соңку шайлоолорго катышуу 20-30 пайыздын тегерегинде болгону жазылган."Өздөрү шайлоого катышпай, бирок анын натыйжасына нааразы болгондор кездешүүдө. Мындан улам шайлоого катышпагандарга айып салуу каралды. Бирок андан көрө шайлоо күнү лотерея ойнотуп, жарандарга стимул берүүнү сунуштадык. Анда батир, унаа, тиричилик техникалары коюлуп, ошол күнү жыйынтык чыгаралы деген ниет", — деди Маматалиев.Ошондой эле мыйзам долбоорунда шайлоо укугун так аткаргандарга айрым жеңилдиктерди берүү, алар министрлер кабинети тарабынан аныкталары белгиленген.
Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму "Трансевразиялык маршрут" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду. Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи."Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет", — деди Иманов.Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.
ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандан туз сатып алууну бир нече эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматынан белгилүү болду.Өткөн жылы өлкөдөн 706,5 тонна туз экспорттолгон.Сатып алуучулар: Казакстан — 616,5 тонна; Россия – 88,9 тонна; БАЭ – 1,1 тонна. 2023-жылы өлкө 229,8 тонна туз экспорттогон.
Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу үчүн тышкы иштер министрликтеринин багыты боюнча даярдык керек. Бул тууралуу РФ өлкө башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.Кремлдин өкүлү Россия менен АКШнын алакасы кайра карап чыгууга муктаж экенин, мамиле Американын мурунку администрациясы тарабынан атайылап бузулуп келгенин белгиледи.Эки лидер февралдын аягына чейин жолугушу мүмкүнбү деген суроого Песков "жолугушу да мүмкүн, жолукпай калышы да ыктымал" деп жооп берген.Ал Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусу Украина жаңжалын басууга карай олуттуу кадам болгонун белгилеп, шайлоо өткөрүү боюнча чечим Вашингтондо же Россияда эмес, Украинада кабыл алынышы керектигин кошумчалаган.Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Россия менен АКШнын президенттери телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, натыйжада 18-февраль күнү эки өлкө делегациялары Эр-Риядда жолугушкан. Анда негизинен Москва менен Вашингтондун мамилесин жөнгө салуу, Украина боюнча болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөр тууралуу кеп болгон. Дүйнөлүк коомчулукта бул жолугушуу эки ири державанын ортосундагы "муздун эрий" башташы катары кабылданууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоого катышууну жакшыртуу үчүн лотерея ойнотууну сунуштады.Эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде соңку шайлоолорго катышуу 20-30 пайыздын тегерегинде болгону жазылган."Өздөрү шайлоого катышпай, бирок анын натыйжасына нааразы болгондор кездешүүдө. Мындан улам шайлоого катышпагандарга айып салуу каралды. Бирок андан көрө шайлоо күнү лотерея ойнотуп, жарандарга стимул берүүнү сунуштадык. Анда батир, унаа, тиричилик техникалары коюлуп, ошол күнү жыйынтык чыгаралы деген ниет", — деди Маматалиев.Ошондой эле мыйзам долбоорунда шайлоо укугун так аткаргандарга айрым жеңилдиктерди берүү, алар министрлер кабинети тарабынан аныкталары белгиленген.Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму "Трансевразиялык маршрут" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду. Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи."Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет", — деди Иманов.Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды. ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандан туз сатып алууну бир нече эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматынан белгилүү болду.Өткөн жылы өлкөдөн 706,5 тонна туз экспорттолгон.Сатып алуучулар: Казакстан — 616,5 тонна; Россия – 88,9 тонна; БАЭ – 1,1 тонна. 2023-жылы өлкө 229,8 тонна туз экспорттогон.Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу үчүн тышкы иштер министрликтеринин багыты боюнча даярдык керек. Бул тууралуу РФ өлкө башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.Кремлдин өкүлү Россия менен АКШнын алакасы кайра карап чыгууга муктаж экенин, мамиле Американын мурунку администрациясы тарабынан атайылап бузулуп келгенин белгиледи.Эки лидер февралдын аягына чейин жолугушу мүмкүнбү деген суроого Песков "жолугушу да мүмкүн, жолукпай калышы да ыктымал" деп жооп берген.Ал Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусу Украина жаңжалын басууга карай олуттуу кадам болгонун белгилеп, шайлоо өткөрүү боюнча чечим Вашингтондо же Россияда эмес, Украинада кабыл алынышы керектигин кошумчалаган.Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Россия менен АКШнын президенттери телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, натыйжада 18-февраль күнү эки өлкө делегациялары Эр-Риядда жолугушкан. Анда негизинен Москва менен Вашингтондун мамилесин жөнгө салуу, Украина боюнча болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөр тууралуу кеп болгон. Дүйнөлүк коомчулукта бул жолугушуу эки ири державанын ортосундагы "муздун эрий" башташы катары кабылданууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/13/1092160250_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_76c5593de3867b5accd73372087a4ac1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио