Мамытов: USAID адамдык баалуулуктарга кол салуусу менен иренжитти
Жазылуу
Саясат таануу илимдеринин доктору, эксперт Токон Мамытов USAID уюмун такыр жоюп салуу АКШнын кызыкчылыктарына туура келбестигин айтты.
1961-жылы USAID уюму жакшы максаттарды алдына коюп эле түзүлгөндөй болгон. Бирок кийинчерээк ылай өтүгү менен адам баалуулуктарын тебелеп салды. Жараткандын мыйзамына каршы чыккан иштери менен жаман көрүндү. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: USAID адамдык баалуулуктарга кол салуусу менен иренжитти
Анын айтымында, Европа мамлекеттери дал ушул уюмдун курмандыгы болду.
"USAID алгач түзүлгөндө жакшы ниеттеги уюмдай эле иш алып бара баштаган. Бирок кийинчерээк элдердин улуттук баалуулуктарын тебелеп, табияттын аялды аял, эркекти эркек кылып жараткан тартибине каршы чыга баштады. Бул уюм иш алып барган 130 өлкөнүн эмес, америкалыктардын өздөрүнүн да кыжырына тийди. Дүйнө жүзүнө АКШны желмогуз көрсөтүп койду. Америка өзү уюмдан жапа чекти десек болот. Ал эми Европанын башчылыгына ушул USAID сыяктуу уюмдардын "курстарын" аяктагандар жетекчилик кызматтарга келе баштады. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, европалыктар жок болуу коркунучуна кептелди. Андыктан президенттин алмашуусу менен эле уюм жабылып жатат десек жаңылышабыз. Бул жедеп элди тажатып калган долбоор болчу. USAID азыркы турушунда мындан ары иш алып барышы майнап алып келмек эмес. Трамп аудит жүргүзүп, эсеп-кысабын алып анализ үчүн ишин 90 күнгө токтотуп жатат. Андан кийин уюм ишин улантат. Ооба, балким атын өзгөртүп алышы мүмкүн, бирок такыр жабылып калбайт. Өз кызыкчылыктары бар, ошол максаттарын уланта берет. Болгону жанагындай адам баалуулуктарына кол салган долбоорлорун токтотуп коюшу ыктымал", — деди Мамытов.
Ал Америка алдыда дүйнө биринчилигин Кытайга тарттырып жибербеш үчүн бардык аракетин жасай турганын кошумчалады.