00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Любовь как вдохновение: как чувства превращают ремесло в искусство?
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
"Көзирмем" тасмасы үй-бүлө баалуулуктарын канчалык ачып бере алды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Моральные дилеммы в «Щегле»: оправдывает ли цель средства?
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасы чыкты. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.Фатвага муфтий Абдулазиз Закиров 20-февралда кол койду. Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга, жыртыш таратып, кийит кийгизүүгө, эстеликтерди орнотууга тыюу салынды.Шариятта каза болгон адамды жууп, кепиндеп, сөөгүн жайга коюу эрежелери так айтылганы кошумчаланды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейтке болгон расмий сапарынын алкагында Кувейттин финансы министри, экономика жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нура Сулейман Салим Аль-Фассам менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, энергетика, туризм, логистика, азык-түлүк коопсуздугу жана кызыкчылык туудурган башка тармактарда өз ара кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстанга кувейттик инвестицияларды тартуу менен экономикалык дипломатиянын алкагында өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатууга жана кызматташууну бекемдөөнү макулдашты. Мындан тышкары тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү Жол картасын иштеп чыгууну келишишти.
Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери адаттагыдан эрте башталды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, бул нерсе жаздын эрте келгендигине байланыштуу болууда. Алгачкы айдап-себүү иштери Араван, Кадамжай, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталды. "Февраль-март айларында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, март-апрель айларында Талас, Ысык-Көл облустарында, апрель-май айларында Нарын облусунда иш жүргүзүү пландалууда. Техникалык курулуштар, чарбалардагы сугат каналдары даярдалып, дыйкандарды күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу иштери да жүрүп жатат", — деди Керималиев. Ал кошумчалагандай, аймактарда фермерлер үчүн маалыматтык-консультативдик борборлор түзүлүп, окутуу программалары ишке ашырылууда.
Муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейддерди өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекциясы дөңгөлөктөрдү жуугуч станцияларды орнотуу боюнча буйрук чыгарган. Мындан улам жолдордун абалына, анын ичинде атайын техниканын таасиринен булгануунун бар-жогуна көзөмөл жүргүзүлөт. Белгиленгендей, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, бардык курулуш объектилери унаалардын дөңгөлөктөрүн тазалоо пункттары менен жабдылышы керек. Шаардын аймагына унаалардын булганган дөңгөлөктөрүн менен чыгууга тыюу салынат
АКШнын президенти Дональд Трамптын айланасындагы адамдар Владимир Зеленский Украинадан тез арада чыгып кетиши керек деп эсептей турганын New York Post жазды. "Зеленский үчүн да, дүйнө үчүн да Францияга кетип калганы эң жакшы вариант болмок", — деп басылма Ак үйдүн башчысына жакын булактын сөздөрүн келтирген. New York Post билдиргендей, америкалык лидердин айланасында Зеленскийди колдогондор аз.
Жаңылыктар түрмөгү
0