00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Любовь как вдохновение: как чувства превращают ремесло в искусство?
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
"Көзирмем" тасмасы үй-бүлө баалуулуктарын канчалык ачып бере алды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Моральные дилеммы в «Щегле»: оправдывает ли цель средства?
18:06
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президенттик администрациянын коллегиясынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага эскертүү берип, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге сөгүш жарыялады. Мындан тышкары, коллегия бир катар аткаминерлерге кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, негизсиз кызматтык иш сапарларга чыгышы жана мекемелердин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн иштен алуу тапшырылды.Ошондой эле ушул сыяктуу кетирген катачылыктары үчүн айрым аткаминерлерге сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейтке болгон расмий сапарынын алкагында Кувейттин финансы министри, экономика жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нура Сулейман Салим Аль-Фассам менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, энергетика, туризм, логистика, азык-түлүк коопсуздугу жана кызыкчылык туудурган башка тармактарда өз ара кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстанга кувейттик инвестицияларды тартуу менен экономикалык дипломатиянын алкагында өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатууга жана кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.
Кара-Балтада 60 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Аймакка 4 420 батир салынмакчы. Мындан тышкары, коммерциялык жайлар, 750 орундуу эки мектеп, 280 орундуу эки бала бакча, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар курулат. Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору да болот. Ушундай эле комплекстер Токмок менен Кантта дагы курулууда.
2025-жылдын ортосунда Евразия экономикалык биримдиги менен Бириккен Араб Эмирликтеринин эркин соода аймагы боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу Россиянын биринчи вице-премьери Денис Мантуров билдиргенин РИА Новости жазды. "Келишим ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен толук макулдашылды. Учурда ички процедуралар жүрүп жатат, ага жылдын ортосунда кол коюуга болот", — деди Мантуров. Бириккен Араб Эмирликтери менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 2022-жылдын декабрында кабыл алган. 2023-2024-жылдары төрт ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Быйыл Өзбекстан 1,6 млрд куб метр жаратылыш газын жана 3,5 млрд кВт/саат электр энергиясын үнөмдөөнү пландоодо. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Өзбекстандын телеканалдарынын бирине таянуу менен жазды. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев энергетикалык эффективдүүлүктү жакшыртуу боюнча прзентациянын жүрүшүндө 2035-жылга чейин электр энергиясын керектөө азыркы деңгээлинен 1,7 эсеге көбөйөрүн белгилеген.Мирзиёевдин айтымында, бул максатка жетишүү үчүн ар бир ишканага жана уюмга илимий жактан негизделген сунуштар берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0