00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

USAID 2019-жылы Зеленскийдин жеңишине таасир эткен шоуну каржылаган

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВладимир Зеленский. 2019 жылы
Владимир Зеленский. 2019 жылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 2019-жылы президенттик шайлоодо Владимир Зеленскийдин жеңишин шарттаган антикоррупциялык телешоуну каржылоого 100 миң доллар бөлгөн. Муну РИА Новости элге жеткиликтүү болгон отчетту анализдеп таап чыккан.
Агенттиктин маалыматына караганда, U-Media долбоорунун алкагында каржыланган программалардын бири — шайлоо алдында өлкөдөгү эң таасирдүү берүүлөрдөн болгон, иликтөө жүргүзгөн "Наші гроші" телешоусу эле. Берүү ошол кездеги президент Петр Порошенконун беделине доо кетирген материалдарды чыгарып, аны менен катар эле Зеленскийдин коррупция менен күрөшүү боюнча айткандарын колдоп турган.
USAID агенттигинин маалыматына таянсак, алар толугу менен каржылап турган берүүнүн маанилүүсү 2019-жылдын февралында чыккан. Ал 2017-жылдын октябрында жарыяланган материалдарга негизделген. Кеп Украинанын коргонуу тармагындагы Порошенкого жакын адамдар жасашы мүмкүн делген коррупциялык иштер туурасындагы иликтөө боюнча жүрүп жатат.
Репортажда анын үзөңгүлөштөрү ташып келинген аскердик багыттагы баасы жогору коюлган жүктөрдөн пайда көрүп турганы анык болду деп берилип, бул коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. U-Media долбоорунун отчетторуна ылайык, программаны даярдоо менен алектенген TOM-14 уюму 2016-жылдын 15-июлунан 30-сентябрына чейинки мезгилде 11 берүүнү даярдоо үчүн америкалык агенттиктен 22 525 доллар алган.
Кийинчерээк USAID 2017-жылдын 1-февралынан 2018-жылдын августуна чейин 87 664 доллар суммасындагы акчаны кошумча бөлүп, буга 16 берүү тартылып чыккан. Жалпысынан алганда USAID 2016-2018-жылдардагы 27 эпизодду тартуу үчүн 110 189 доллар жөнөткөн.
USAID агенттигинин отчетторунда бул телешоу "Украинадагы мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык схемаларды ашкерелеп, ар бир программа ар бир украиналыкка келтирген финансылык чыгымдарына тийгизген таасирин чагылдырган" деп сыпатталып сүрөттөлгөн.
Федералдык чыгымдарды иликтеген USAspending.gov аттуу АКШнын мамлекеттик порталындагы маалыматтарга караганда, U-Media долбоору 2011-2018-жылдары жалпысынан 24,5 миллион доллар алган. Аталган долбоор аягына чыккандан кийин 2018-жылы USAID украин ЖМКларын 2026-жылга чейин колдой турган The Media Program in Ukraine деп аталган жаңы демилгени көтөрүп чыккан. Бул долбоорго агенттик 95,1 миллион доллар бөлгөн.
Дональд Трамп тарабынан USAID агенттигине убактылуу башчы болуп дайындалган АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мурдараак бийлик агенттикти "толугу менен текшерүүнү" пландап жатканын билдирген. Бийлик программаларды каржылоо азыркы администрациянын эл аралык саясатына туура келер-келбесин билиш үчүн агенттикти тыкыр текшерип чыгууга камынды.
USAIDдин башкы кеңсеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2025
Акыркы үч жылда USAID акчанын көбүн Украинага бөлгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0