https://sputnik.kg/20250222/dubinskij-ukraina-prezident-talapkerligin-korsottu-1092222655.html
Абактагы депутат Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү
Абактагы депутат Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын... 22.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-22T11:40+0600
2025-02-22T11:40+0600
2025-02-22T11:40+0600
дүйнөдө
украина
владимир зеленский
президенттик шайлоо
жогорку рада
депутат
талапкер
абак
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092222511_0:188:2779:1751_1920x0_80_0_0_2b8132b78d66a9e36788a83026bed09d.jpg
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек.Депутат Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип, жок кылып жатканын айткан."Ал өзүн жалгыз талапкер деп жарыялоо үчүн атаандаштарын шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлап жатат", — деген Дубинский.Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган. 18-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Украина бийлиги сүйлөшүү столунан орун алууну кааласа, шайлоо өткөрүш керектигин айтып, чакырык салган. Эртеси Трамп анын шартынан баш тартканы үчүн Зеленскийди диктатор деп атаган.
https://sputnik.kg/20250219/zelenskiy-takty-kachan-keterin-aytty-1092164216.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092222511_85:61:2733:2047_1920x0_80_0_0_370dd5e88622c74b6b00061e05187ffb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, президенттик шайлоо, жогорку рада, депутат, талапкер, абак
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, президенттик шайлоо, жогорку рада, депутат, талапкер, абак
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек.
"Мен, Александр Дубинский, 1981-жылы Киевде туулгам. Украинанын президенттигине өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөм", — деп жазган ал.
Депутат Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип, жок кылып жатканын айткан.
"Ал өзүн жалгыз талапкер деп жарыялоо үчүн атаандаштарын шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлап жатат", — деген Дубинский.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган. 18-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Украина бийлиги сүйлөшүү столунан орун алууну кааласа, шайлоо өткөрүш керектигин айтып, чакырык салган. Эртеси Трамп анын шартынан баш тартканы үчүн Зеленскийди
диктатор деп атаган.