https://sputnik.kg/20250222/sadyr-zhaparov-barselona-akademiyasy-boyuncha-un-katty-1092226317.html
Жапаров Бишкектеги "Барселонанын" курулушу боюнча айтылгандарга жооп берди
Жапаров Бишкектеги "Барселонанын" курулушу боюнча айтылгандарга жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди... 22.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-22T12:50+0600
2025-02-22T12:50+0600
2025-02-23T11:35+0600
кыргызстан
бишкек
садыр жапаров
футбол
интервью
курулуш
кеп
барселона
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092046048_0:177:2560:1617_1920x0_80_0_0_5cf87c1b6b92b1f15c5285b6cdaf79dc.jpg
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган.Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматты четке каккан.Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан."Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө-жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели, курсун. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт", — деген Садыр Жапаров."Барселонанын" көп функционалдуу комплекси Бишкектин түштүк тарабына салынууда.
https://sputnik.kg/20250218/sport-stadion-kurulush-bishkek-1092127940.html
бишкек
барселона
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092046048_84:0:2476:1794_1920x0_80_0_0_494bacc8c6b3c9475ad7e8d0bcd3eac5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, садыр жапаров, футбол, интервью, курулуш, кеп, барселона
кыргызстан, бишкек, садыр жапаров, футбол, интервью, курулуш, кеп, барселона
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган.
Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматты четке каккан.
"Футболдо талантың жок болсо, мага десе королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Күчтүү болсоң айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат. Азыркы Кыргызстандын курама командасында бир дагы байдын же аткаминердин баласы жок. Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары, облус, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Таланты ташкындап тургандарды кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан.
"Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө-жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели, курсун. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт", — деген Садыр Жапаров.
"Барселонанын" көп функционалдуу комплекси Бишкектин түштүк тарабына салынууда.