00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балдар да күнү-түнү иштеген. Кыргызстандыктардын тылдагы үндөбөй жасаган эрдиги

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРСогуш учурунда кийим тигүү. Фрунзе
Согуш учурунда кийим тигүү. Фрунзе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш башталган биринчи күндөн тарта Кыргызстан армияны кийим-кече, куралдын тетиктери, азык-түлүк менен камсыздаган маанилүү аскердик-өнөр жай борборлорунун бирине айланган. Бүгүн Sputnik ооруктагылардын эрдиги туурасында айтып бермекчи.

Ооруктун өзүнүн кармашы болгон

Согуш жылдары тылдагылар өнөр жай ишканаларында, айыл чарбада бел чечпей иштеп, майданга жардам жөнөтүп турушкан.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Жунушалиева Кыргыз ССРи согушка чейин агрардык-индустриялык республика болсо, ал эми 1945-жылы өнөр жайдан 60-70 пайыз дүң киреше түшкөн индустриялык-агрардык өлкөгө айлангандыгын айтып берди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовТарых илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Жунушалиева
Доктор исторических наук, профессор Гульнара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Тарых илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Жунушалиева
"Мурда Кыргыз ССРинин өнөр жайы анча жакшы эмес эле. Бирок өлкө тыл аймагында болгондуктан бул жерге 40ка чукул ири ишкананы көчүрүп келишкен. Согуштун биринчи жылдарында душман СССР элинин 40 пайызы жайгашкан аймагын басып алган. Буга чейин ал жактарда чоюндун — 70, болот менен аллюминийдин — 58, көмүрдүн — 65, темир жол шаймандарынын — 40, эгиндин — 38, болжол менен техникалык өсүмдүктөрдүн жарымы, кызылча менен канттын 80 пайызы өндүрүлүп турган. Кара малдын 45 пайызы багылып келген. Фашисттер СССРдин чыгыш тарабын басып алгандан кийин тылдагы райондорго завод-фабрикаларды жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү комбинаттарды көчүрүү боюнча маанилүү иш турган", — деп айтып берди Жунушалиева.
Ал кезде Кыргызстанда тажрыйбалуу, кесипкөй техникалык жумушчулар көп болгон эмес, андыктан ишканаларды анда иштегендер жана үй-бүлөсү менен кошо көчүрүп келишкен.
"1941-жылы Запорожье облусунан Бердянск машина куруу заводун алып келишкен, бул жергиликтүү өнөр жайдын мүмкүнчүлүгүн арттырган. Донецкиден Баткендин Айдаркенине Никитинск сымап комбинатын, Одессадан булгаары, клей заводдору жана кендир-була фабрикасы көчүрүлгөн", — деп айтып берди профессор.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРСогуштагыларга түшүм жыйноо. Фрунзе облусу, 1943-жыл
Работа в тылу в Кыргызской ССР во время ВОВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Согуштагыларга түшүм жыйноо. Фрунзе облусу, 1943-жыл
"Жер которгон" бул ири ишканалардын көбүн Фрунзе облусуна жайгаштырышкан, болжол менен 10 пайызга чукулу Ош, Талас облустарына жөнөтүлгөн. №60 Луганск заводу майданга патрондорду чыгарып берип турса, Новотроицкиден машина куруу заводу алып келинген.
"Согуш жылдарында Кажы-Сай менен Майлы-Сайдагы сурьма жана вольфрам алуу көлөмү бир топ көбөйгөн. Аны сооттолгон техникаларга каршы снаряд үчүн пайдаланышкан. Кыргызстан ансыз бир дагы патрон жарылбай турган сымап өндүрүүдө монополист эле. Учак курууда керектелчү коргошун, дагы башка металлдарды Ак-Түздөн жана башка жердеги кендерден алып турушкан", — деди Жунушалиева.
Эл күнү-түнү ысык-суукка карабай иштеген. Мисалы, Бердянскиден ири завод бир топ эле суук болуп калган ноябрда көчүрүлгөн.
"Станокторду өспүрүмдөр, кыз-келиндер жана кары-картаңдар башкарган. Ал жерлердин чатыры жок болгондуктан 200 литрлик темир челектерге көмүр жана отун жагып коюп иштешкен. Улам келип жылынып алып, кайра ишти улантышкан", — деп айтып берди маектешибиз.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЗаводдо иштеген Тамара Косенко фронт үчүн продукцияларды жыйноодо планды 300 пайызга аткарган. Фрунзе, 1943-жыл
Работа в тылу в Кыргызской ССР во время ВОВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Заводдо иштеген Тамара Косенко фронт үчүн продукцияларды жыйноодо планды 300 пайызга аткарган. Фрунзе, 1943-жыл
Майдан республикадагы ыкчам курулушка терс таасирин тийгизе алган жок, бирок электр кубаты жетишсиз эле.
"Социалдык объектилер тынымсыз иштеген. Мисалы, мончолор күнү-түнү ачык эле, себеби жугуштуу оорулардын, айрыкча келте илдетинин капташынан коркушкан. Ал эми эвакуацияланган заводдорго кубаттуулук жетпей баштаганда электр станцияларын куруш керек болгон", — деди Жунушалиева.
ГЭСтерди салууга шаардыктар да, айылдыктар да түп көтөрүлө чыккан. Ашар жолу менен Лебединов, Ворошилов, Аламүдүн гидроэлектростанциялары пайда болгон.

Партадан станокко

Кыргызстандыктардын согуш учурундагы мээнети, түйшүгү тууралуу тылда иштеген Турсунбүбү Маразыкованын кызы Светлана айтып берди.
Ал жылдары элдин баары фронтко жардам берген: топтогон акчасын тапшырышкан, колхоздор мал жана азык-түлүк жиберишсе, завод-фабрикаларда жумушчулар Кызыл армиядагыларга көбүрөөк продукция жөнөтүш үчүн тикесинен тик туруп 12 сааттап иштеген.
Согуштун алдында, 1941-жылы жайында, Чоң Чүй каналын салуу башталган. Айдоо жерлерди кеңейтүү үчүн сугат системасын жөнгө салуу зарылдыгынан улам согуш жылдарында каналдын курулушу токтоп калган эмес.
© Фото / из семейного архива МаразыковыхОорукта эмгектенген Турсунбүбү Маразыкова үй-бүлөсү менен
Труженица тыла Турсунбюбю Маразыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Оорукта эмгектенген Турсунбүбү Маразыкова үй-бүлөсү менен
Тарыхый маалымат
Батыш Чоң Чүй каналы — Кыргызстандагы 145 чакырымга созулган эң ири сугат каналы. 82 миң гектарды сугарат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары ашар ыкмасы менен 70 чакырым болуп курулган. Ага 40 миңге чукул колхозчу жана Фрунзе шаарында жашап-иштегендер катышкан.
Светлананын айтымында, чоңдор менен кошулуп каналдын арыктарын каза баштаганда апасы 13 жашта болгон. Андан сырткары, өзү теңдүү башка кыздар менен колхоз талаасында, гимнастерка тиккен цехте иштесе, түнү чоң энеси менен отуруп алып аскерлерге байпак түйгөн.
© Фото / из семейного архива МаразыковыхОорукта эмгектенген Турсунбүбү Маразыкова
Труженица тыла Турсунбюбю Маразыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Оорукта эмгектенген Турсунбүбү Маразыкова
Турсунбүбү Маразыкова Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгектеги каармандыгы үчүн Эмгек ардагери медалдары менен сыйланган. II даражадагы Эне даңкы орденинин ээси, жети баланын энеси.
Жунушалиеванын айтымында, ошол кездеги кыйынчылыктарга карабастан Кыргыз ССРине эвакуацияланган ишканаларды ишке киргизе алышкан.
"Мындан сырткары, фабрикалык-заводдук мектептер ачылып, балдар, улгайгандар, аялдар окутула баштаган. Согуш мезгилиндеги эмгек нормасы түзүлгөн. Иш күн узарып, эмгек өргүү, дем алыш деген нерсе жокко чыккан. Кечигип же эрте кетүү деген болгон эмес", — деди Жунушалиева.
Буга кошумча, Кыргызстан фронтко патрон менен миномет жөнөтүп турган. Ысык-Көлдө торпедалар сыналган жай да болгон. Баса, ал бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.

Жеңишке болгон ишеним

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиеванын небереси Анара биз менен маектешип отурду.
© Фото / из семейного архива Мамытовых

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиеванын жаш кездеги сүрөтү

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиеванын жаш кездеги сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиеванын жаш кездеги сүрөтү

© Фото / из семейного архива Мамытовых

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева - Sputnik Кыргызстан
2/2

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева

1/2

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиеванын жаш кездеги сүрөтү

2/2

Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева

Күлбара согуш тууралуу суук кабарды Москвага кетерден үч күн мурда мектептеги кечеде уккан. Ал бүткүл союздук сынакка даярданып жаткан.
Кийинчерээк өзү туулуп-өскөн айылга орус тили боюнча мугалим болуп орношот. Бейкут, бейкапар күндөр кыйын, мүшкүл тарттырган мезгилге алмашып, эртең менен бала окутса, түштөн кийин талаадагы оор ишке чыгат. Өздөрү менен өздөрү эле алек болбостон фронтко да жардам берип, буудай, жүгөрү, кызылча жана тоют кантын айдаш керек эле. Айылдагылар үрөнгө деп калтырылгандан тышкары колунда болгон эгинди да жөнөтүп турушкан.
© Фото / из семейного архива МамытовыхКүлбара Дүйшөналиева Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгектеги каармандыгы үчүн медалы, Ардак белгиси ордени менен сыйланган. 1984-жылы СССРдин ардактуу энергетиги наамын алган.
Труженица тыла Кульбара Душеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Күлбара Дүйшөналиева Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгектеги каармандыгы үчүн медалы, Ардак белгиси ордени менен сыйланган. 1984-жылы СССРдин ардактуу энергетиги наамын алган.
Айылдык кеңеште майданга берчү оокаттарды тез-тез чогултуп турушчу. Эл аскердегилерге деп түйгөн кол кабын, байпагын, шырылган шымдарды, күрмөлөрдү алып келишчү. Күлбара апасы менен түндөп коендун терисинен кол кап, тумак тигишчү. Күндүз буларга кол жетмей кайда...
Жазында жаш мугалим жана анын окуучулары буудай талаасында эгинге түшүп кеткен зыянкеч куртту теришчү. Мындай курттан 10ду тапкандарга сый катары бирден момпосуй берише турган. Кыйынчылыктан, төбөдөн басып турган бул түйшүктөн чарчадым деп эч ким ооз аччу эмес. Эл ынтымактуу, бири-бирине колдоо көрсөтүп жашаган. Кара кагаз келгенде кайгысын кошо тартып, муңун бөлүшүп, жеңиш болоруна көөдөндүн түпкүрүндө бекем ишенишкен. Ал эми ошол күн келгенде ыйлагандарын айтпа!
© Фото / из семейного архива МамытовыхОорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева
Труженица тыла Кульбара Душеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Оорукта эмгектенген Күлбара Дүйшөналиева
Күлбара Дүйшөналиева Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгектеги каармандыгы үчүн медалы, Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Кийин 1984-жылы СССРдин ардактуу энергетиги наамы ыйгарылган.

"Бирөөнүн кайгысы деген болбойт"

Жунушалиева согуштун азабын тарткандарды кыргызстандыктар жылуу кабыл алып, үстүнө кийим, оозуна аш кармап, бөтөнсүнтпөй кабыл алгандыгын айтты.
Буга мисал катары 1942-жылы тээ алыскы курчоодогу Ленинграддан келген 150 баланы асырап алган асыл адам Токтогон Алтыбасарованын айкөлдүгүнө токтолду.
Тарыхый маалыматтарга таянсак, Кыргыз ССРине 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланган.
"Мындай ишти жасаш үчүн кандай жүрөк керектигин элестетип жатасыздарбы... Эвакуация маалында бөбөктөргө атын, фамилиясын, качан туулганын, ата-энесинин аты-жөнүн жазып беришкени менен Кыргызстанга жеткенче кээ бирөөлөрүнүкү өчүп калган. Токтогон аларга өзү фамилия, ысым ыйгарып, туулган жылдарын сураштырып, болжолдоп жазып чыккан", — деп тарыхчы айтып берди.
© Фото / Центральный государственный архив кинофонофотодокументов КРӨзбек темир устасы Шаахмед Шамахмудов жана уйгур багбаны Иманахун Ахмедов, Ташкент, 1960-жылдар. Бул адамдар Улуу Ата Мекендик согушта 30 жетим баланы асырап алышкан
Усыновление 30 детей-сирот в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2025
Өзбек темир устасы Шаахмед Шамахмудов жана уйгур багбаны Иманахун Ахмедов, Ташкент, 1960-жылдар. Бул адамдар Улуу Ата Мекендик согушта 30 жетим баланы асырап алышкан
Советтер Союзунун Борбор Азия өлкөлөрүндө эвакуацияланган балдарды багып алуу учурлары көп болгон. Мисалы, Ош шаарынын жашоочусу Иманахун Ахмедов өзүнүн үйүнө 13 улуттан 15 баланы алган. Мындан сырткары, башка кыргызстандыктардай эле СССРдин Коргонуу фондуна жыйнап жүргөн өзүнүн акчасын (200 миң рубль) которгон. Муну менен катар эле шаардыктардан 1,5 миллион рубль жыйнап, фронттун кем-карчысына жумшоого жөнөткөн.
"Согуш, албетте, адамдардын аң-сезимин өзгөрттү. Баары, ал тургай майдандан майып болуп келгендер да бел чечпей иштеди. Согушта жаракат алып, жарым жан болуп кайткандар заводдорго, шахталарга жумушка кирди. Ар бир адам жанын сабап, тер төгүп иштеп, эч ким четте калган эмес", — деп эскерди тарыхчы Жунушалиева.
Улуу Ата Мекендик согуш совет, анын ичинде кыргыз эли, кыргызстандыктар үчүн да трагедиялуу жылдардан, оор сыноолордон болуп калды. Эл, аскерлер согушта да, оорукта да бекем турушту. Ал мезгилдин адамдары көрсөткөн болуп көрбөгөндөй каармандык, өжөрлүк жана кайрат Улуу Жеңишке алып келди.
Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Кыргыз ССРиндин жарандары кыргызстандык жоокерлер үчүн чогулттурган танктар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0