https://sputnik.kg/20250224/hegset-zelenskijdi-ehpke-keluugo-chakyrdy-1092246053.html
Пентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылды
Пентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык... 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T10:35+0600
2025-02-24T10:35+0600
2025-02-24T10:35+0600
дүйнөдө
акш
украина
келишим
экономика
владимир зеленский
пентагон
питер хегсет
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092245770_0:156:3000:1844_1920x0_80_0_0_01b185ea40421c55d302babf2d3c3e67.jpg
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык кызматташуу Киев үчүн өтө маанилүү экенин эскертти. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.Пентагондун башчысы жаңжал кандай сценарий менен бүтөрүнө карабай АКШ Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгилеген.Эскерте кетсек, буга чейин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, Украинадагы абалды жөнгө салууну да талкуулашкан. Лидерлер байланышты үзбөй, жеке жолугушууну уюштурууга макулдашышкан болчу. Путин буга чейин Украина чыры күч топтоп алуучу убактылуу элдешүү эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин бир нече ирет айткан. Өз кезегинде Трамп Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин белгилеп, шартын ачыктаган эмес.3-февраль күнү ал Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экенине ишеним арткан.
https://sputnik.kg/20250224/zelenskij-akshga-karyzyn-toloodon-bash-tartty-1092243508.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092245770_167:0:2834:2000_1920x0_80_0_0_b3b224c11f062f596d85f4d403f182e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, келишим, экономика, владимир зеленский, пентагон, питер хегсет
дүйнөдө, акш, украина, келишим, экономика, владимир зеленский, пентагон, питер хегсет
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык кызматташуу Киев үчүн өтө маанилүү экенин эскертти. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Тынчтык орнотууга мынчалык жакын келе элек болчубуз. Сүйлөшүүлөрдөн кабарым бар. Чоң жылыш болду, демек, Зеленский эпке келиши керек, экономикалык кызматташуу анын өлкөсү үчүн абдан маанилүү. Жакын арада бул кадамга барат деп ишенебиз", — деген Хегсет.
Пентагондун башчысы жаңжал кандай сценарий менен бүтөрүнө карабай АКШ Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, Украинадагы абалды жөнгө салууну да талкуулашкан. Лидерлер байланышты үзбөй, жеке жолугушууну уюштурууга макулдашышкан болчу. Путин буга чейин Украина чыры күч топтоп алуучу убактылуу элдешүү эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин бир нече ирет айткан. Өз кезегинде Трамп Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин белгилеп, шартын ачыктаган эмес.
3-февраль күнү ал Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.
АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экенине ишеним арткан.