00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда мүлктү нак акчага алып-сатууда мамлекеттик алымды эки эсе арзандатуу сунушталып жатат. Тийиштүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады. "Накталай төлөөдө пошлина ставкаларынын жогору болушу алып-саткандар үчүн оорчулук жаратууда. Нак эмес төлөөдө пошлинанын төмөндүгү нак төлөө ыкмаларын жактагандар үчүн дисбаланс жаратууда. Калктын финансылык жүгүн жеңилдетүү үчүн нак төлөм жүргүзүүдөгү пошлинаны төмөндөтүү сунушталат", — деп жазылган токтомдун негиздемесинде.
Бишкек шаарында аба ырайынын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койгон. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында кеңири иштер жүргүзүлдү. Агулак көмүр кени муниципалитеттин балансына өткөрүлүп, ЖЭБдин от казаны жана турбиналык жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Белгилей кетсек, жылытуу мезгилинде бардык жылуулук менен камсыздоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүн болду.
Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кеп мындан 75 жыл мурда жабылган көрүстөндөр тууралуу болууда.Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев казыяттын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен бирге шаардагы жабылган эски көрүстөндөрдү кыдырган. "Алар И.Раззаков, Пахта, А.Шакиров көчөлөрүндөгү 75 жылдан ашык убакыт мурун жабылган көрүстөндөрдү көрүп, рекультивация жана коомдук муктаждыктар үчүн пайдалануу маселесин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
РФ президенти Владимир Путин кечээ америкалык чабарман, атайын өкүл Стив Уиткоффту кабыл алып, ал аркылуу АКШ лидери Дональд Трампка маалыматтарды жана кошумчалай тургандарын айттырган. Бул туурасында Кремлдин өкүлү Дмиртий Песковдун айтканын РИА Новости жазды.Россия АКШдан Украина боюнча кошумча маалыматтарды алды; Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Трамптын позициясын колдой турганын билдирип, бирок аны менен катар эле биргелешип жооп табыш керек болгон маселелерди айтты; Россия да, АКШ да Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү керектигин түшүнүп турат; эки президенттин сүйлөшө турган так убактысы белгилүү боло элек; албетте, этияттык менен үмүт кылууга негиздер бар, тагыраагы, сактыкта кордук жок. Эске салсак, кечээ Путин Россия Украина менен 30 күндүк элдешүүгө макулдугун, бирок айрым жагдайлар бар экендигин айткан. Бул мөөнөт кандай пайдаланылары, Украинадагы мобилизация уланып, жаңы күчтөр даярдыктан өтүшү үчүн мүмкүнчүлүк жаратуу максатында жасалып жаткан жокпу деген тейде ой учугун чубаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0