Мамытов: Кытай — Кыргызстан алакасы ЕАЭБди эске алуу менен жүрүшү керек
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Кыргызстан — Кытай экономикалык алакасы тууралуу пикирин билдирди.
Кыргызстан алдыдагы Кытай менен экономикалык алакада жаңы тепкичке көтөрүлүшү күтүлүүдө. Буга биринчи кезекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу себеп. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалык мамилесинде Кыргызстан тартынбай эле өз позициясын көрсөтүшү керек.
"Экономикада дайыма ушундай. Бир тарап мүмкүнчүлүк берет, жол ачат, экинчи жак каржылык жактан салымын кошот. Мында тартына турган эч нерсе жок. Учурда Кыргызстан да Кытай менен мына ушундай этапта турат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу биринчи кезекте өндүрүштүн ээси болгон Кытайга керек. Дүйнөлүк экономикада орчундуу орду бар бул мамлекет жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы транспорттук жолдорду кеңейтип жаткан маалы. Мындайда кыргыз тарап тартынбай эле өз позициясын билдирип, ири өндүрүштүн өлкөдө пайда болушуна кызыкдар болушу керек. Бул багытта өкмөттүн көп жылдык жана чукул аралыкка багытталган программалары даяр болушу шарт. Чоң өлкө менен майда-чүйдөгө маани бербей чоң масштабда сүйлөшүү керек. Кыргызстан өзүн ЕАЭБдин мүчөсү экенин, 180 миллиондук рынокко жол ачып берип жаткан өлкө экенин унутпашы кажет. Демек, Кытай менен экономикалык алака да ушундай деңгээлде жүрүшү шарт", — деди Мамытов.
Ал Кытай үчүн да мындай ири келишимдер пайдалуу болорун кошумчалады.