https://sputnik.kg/20250225/1092285134.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандан Кыргызстанга мунайды бажы алымы жок киргизүүнү макулдашуу — маанилүү кадам. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев... 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-25T15:00+0600
2025-02-25T15:00+0600
2025-02-25T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092285002_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_364a09807318364e51786a8745422515.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандан Кыргызстанга мунайды бажы алымы жок киргизүүнү макулдашуу — маанилүү кадам. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Астанага жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолгушкан. Анда жүк ташуу, бизнес жана эки тараптуу сооданы жакшыртуу боюнча кеп болгон. "Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти макулдашуу маанилүү кадам болуп саналат", — деген Касымалиев. Ал ошондой эле Казакстан Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, былтыр эки өлкөнүн товар алмашуусу 1 млрд 340 млн долларга жеткенин айтты.
"Кадастр" мамлекеттик мекемеси эми мүлктү кайра каттоо үчүн салыктык карыздар боюнча маалымкатты талап кылбай иштей баштады. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, автоматташтырылган системаны ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалында 300дөн ашык адам салыктык карызынын жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтпөстөн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү тариздей алышты. "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын иштеп чыгып, жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүндө мүлктү кайра каттоону жеңилдетти. 2025-жылдын 24-февралында система биринчи жолу ишке киргизилип, эч кандай мүчүлүштүксүз иштеди. Эми кадастр системасы эгерде салык органдарында карызы жок болсо, бул маалыматты автоматтык түрдө көрүп, мүлктү каттоого алууну баштайт.
Улуттук банк 45 миллиард 696 миллион сом кирешесин республикалык бюджетке которот. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Маалыматка ылайык, анын 35 миллиард сомун Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Калган каражат Турукташтыруу фондуна бөлүнсө, 1 миллиард сом Улуттук банкка кайтарылары айтылган. Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгону кабарланган. Анда банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылган 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланган.
Кыргызстанда 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн илим сабагы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди.Анын айтымында, бул предметтин ичине химия, биология, физика сабактары кирет."Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Азырынча бул үч предмет боюнча мугалимдер бир китептин алкагында окута берет. Кийинчерээк илим сабагы боюнча атайын адистер университеттер менен биргеликте даярдалат", — деди ал.Ал эми 10-11-12-класстарга химия, биология, физика сабактары профилдик окутуу катары өзүнчө өтүлө баштайт.
Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды.Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Коргоо министрлиги, Маданият министрлиги, Республикалык ардагерлер кеңеши жана башкалар уюштурган.Капсуланы өлкөгө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында Беларусь менен Россиянын ардагерлер уюму жөнөткөнү айтылды.
Казакстандан Кыргызстанга мунайды бажы алымы жок киргизүүнү макулдашуу — маанилүү кадам. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Астанага жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолгушкан. Анда жүк ташуу, бизнес жана эки тараптуу сооданы жакшыртуу боюнча кеп болгон. "Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти макулдашуу маанилүү кадам болуп саналат", — деген Касымалиев. Ал ошондой эле Казакстан Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, былтыр эки өлкөнүн товар алмашуусу 1 млрд 340 млн долларга жеткенин айтты. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси эми мүлктү кайра каттоо үчүн салыктык карыздар боюнча маалымкатты талап кылбай иштей баштады. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, автоматташтырылган системаны ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалында 300дөн ашык адам салыктык карызынын жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтпөстөн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү тариздей алышты. "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын иштеп чыгып, жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүндө мүлктү кайра каттоону жеңилдетти. 2025-жылдын 24-февралында система биринчи жолу ишке киргизилип, эч кандай мүчүлүштүксүз иштеди. Эми кадастр системасы эгерде салык органдарында карызы жок болсо, бул маалыматты автоматтык түрдө көрүп, мүлктү каттоого алууну баштайт.Улуттук банк 45 миллиард 696 миллион сом кирешесин республикалык бюджетке которот. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Маалыматка ылайык, анын 35 миллиард сомун Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Калган каражат Турукташтыруу фондуна бөлүнсө, 1 миллиард сом Улуттук банкка кайтарылары айтылган. Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгону кабарланган. Анда банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылган 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланган.Кыргызстанда 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн илим сабагы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди.Анын айтымында, бул предметтин ичине химия, биология, физика сабактары кирет."Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Азырынча бул үч предмет боюнча мугалимдер бир китептин алкагында окута берет. Кийинчерээк илим сабагы боюнча атайын адистер университеттер менен биргеликте даярдалат", — деди ал.Ал эми 10-11-12-класстарга химия, биология, физика сабактары профилдик окутуу катары өзүнчө өтүлө баштайт.Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды.Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Коргоо министрлиги, Маданият министрлиги, Республикалык ардагерлер кеңеши жана башкалар уюштурган.Капсуланы өлкөгө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында Беларусь менен Россиянын ардагерлер уюму жөнөткөнү айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092285002_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f65552eb9271b82d8c8989a8f243f48c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио