https://sputnik.kg/20250225/1092292104.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди кабыл алды... 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-25T17:00+0600
2025-02-25T17:00+0600
2025-02-25T18:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092291972_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_91bfbbd3bf253886c5cdec41408c0987.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Ак орда кабарлады. Токаев Касымалиевдин бул сапары эки бир тууган өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгилеген."Соода көлөмүн кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек. Казак-кыргыз чек арасындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексин тез арада ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүп, транзиттик-транспорттук коммуникациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл", — деген Токаев. Ал эми Касымалиев эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган бардык милдеттер казакстандык кесиптештери менен тыкыр иштелип чыкканын белгиледи. Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда кыргыз-казак чек арасында айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жое турган электрондук системаны киргизүү, жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш, Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пунктуларын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган.
Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылган. Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ИДПсы тогуз пайызга, ал эми жалпы уюм боюнча 4,2 пайызга өскөн. "ИДПнын өсүшү Арменияда алты пайыз, Казакстанда 4,8 пайыз, Россияда 4,1 пайыз жана Беларуста төрт пайызга жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионатындагы атаандаштык кыйла өскөнүн айтты. Кыргызстандын бардык регионундагы стадиондор реконструкциядан өтүп, модернизацияланууда. Аны менен катар жеңил атлетиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, эл аралык стандарттарды эске алып, чуркоо аянтчалары да камтылат.Анын айтымында, өлкөдө жеңил атлетика спорттун приоритеттүү алты түрүнө кирип, мамлекеттик колдоо жогору.Ошондой эле ал жеңил атлетика машыктыруучуларын даярдоо боюнча иш алып баруу керектигин, айлык акысы өтө аз болгондуктан аларды жумушка чакыруу кыйын болуп жатканын кошумчалады.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Ак орда кабарлады. Токаев Касымалиевдин бул сапары эки бир тууган өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгилеген."Соода көлөмүн кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек. Казак-кыргыз чек арасындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексин тез арада ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүп, транзиттик-транспорттук коммуникациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл", — деген Токаев. Ал эми Касымалиев эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган бардык милдеттер казакстандык кесиптештери менен тыкыр иштелип чыкканын белгиледи. Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда кыргыз-казак чек арасында айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жое турган электрондук системаны киргизүү, жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш, Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пунктуларын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган. Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылган. Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ИДПсы тогуз пайызга, ал эми жалпы уюм боюнча 4,2 пайызга өскөн. "ИДПнын өсүшү Арменияда алты пайыз, Казакстанда 4,8 пайыз, Россияда 4,1 пайыз жана Беларуста төрт пайызга жеткен", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионатындагы атаандаштык кыйла өскөнүн айтты. Кыргызстандын бардык регионундагы стадиондор реконструкциядан өтүп, модернизацияланууда. Аны менен катар жеңил атлетиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, эл аралык стандарттарды эске алып, чуркоо аянтчалары да камтылат.Анын айтымында, өлкөдө жеңил атлетика спорттун приоритеттүү алты түрүнө кирип, мамлекеттик колдоо жогору.Ошондой эле ал жеңил атлетика машыктыруучуларын даярдоо боюнча иш алып баруу керектигин, айлык акысы өтө аз болгондуктан аларды жумушка чакыруу кыйын болуп жатканын кошумчалады.БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан. Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092291972_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f68899dd605e9f32e2f3c8bbd2b6aa0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио