https://sputnik.kg/20250225/1092294192.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол эки тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек –... 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-25T19:00+0600
2025-02-25T19:00+0600
2025-02-25T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092294060_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_04df584b0608ec80e4f8a9f9ed89c1dc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол эки тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелинде саат 17:15те оңдоо иштери аяктап, эки тараптуу ачылды. Белгилей кетсек, бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, каттоого кооптуулук жараткан. Аны оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 16:00дө убактылуу жабылган.
“Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30 пайызга чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет. Бул тууралуу “Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, эми “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому ишкерлерге эле эмес, ипотекага үй, автоунаа алууну каалагандарга да кепилдик берүү максатында мыйзамга толуктоолор киргизилди. Анын натыйжасында өндүрүш тармагы гана эмес, ипотекага үй алгандарга да кепилдик берүү каралган. “Президент Садыр Жапаров "Кепилдик фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, ипотекалык кредит мамлекеттик программасынын катышуучуларынын баштапкы төлөмгө каражаты жок болсо, фонддон кепилдик ала алышат. Банктар фонддун кепилдиги менен жарандарга ипотекалык кредит бере берет”,-деди ал. Ал белгилегендей, учурда фонддун ишин дагы да илгерилетүү максатында 18 банк, 3 өнүктүрүү фонду жана 4 микрокредиттик компания менен келишим түзүлдү.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылы Азия кубогун биргеликте өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биргелешкен арыз Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү. АФК талабына ылайык, аталган турнирдин ачылыш жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек. Бишкекте курулуп жаткан стадион ачылганда 51 миң күйөрман батат.Мелдешке билдирме берүү жана турнирди кабыл алуу процесси бир нече баскычтан туруп, жыйынтыгы 2026-жылы белгилүү болот. Аталган мелдешти өткөрүү каалоосун азырынча Кувейт, Индонезия жана БАЭ билдирген.
Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин менен маектешип жатып айтты. Видеону толугу менен журналисттин Телеграм каналынан көрүүгө болот. Путин объективдүү маалыматтарга ылайык Зеленскийдин рейтинги саясий атаандаш болушу мүмкүн делген Залужныйдан эки эсе төмөн экенин белгиледи.Путин Россия менен сүйлөшүүлөргө мыйзам чегинде тыюу салып Зеленский өзүн туңгуюкка кептеп салганын белгиледи. Президенттин айтымында, ал учурда Украина армиясынын, коомчулугунун жана жалпы мамлекеттин бөлүнүп-жарылышын шарттаган фактор болуп турат.
Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери аяктап, жол эки тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелинде саат 17:15те оңдоо иштери аяктап, эки тараптуу ачылды. Белгилей кетсек, бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, каттоого кооптуулук жараткан. Аны оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу саат 16:00дө убактылуу жабылган.“Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30 пайызга чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет. Бул тууралуу “Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, эми “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому ишкерлерге эле эмес, ипотекага үй, автоунаа алууну каалагандарга да кепилдик берүү максатында мыйзамга толуктоолор киргизилди. Анын натыйжасында өндүрүш тармагы гана эмес, ипотекага үй алгандарга да кепилдик берүү каралган. “Президент Садыр Жапаров "Кепилдик фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, ипотекалык кредит мамлекеттик программасынын катышуучуларынын баштапкы төлөмгө каражаты жок болсо, фонддон кепилдик ала алышат. Банктар фонддун кепилдиги менен жарандарга ипотекалык кредит бере берет”,-деди ал. Ал белгилегендей, учурда фонддун ишин дагы да илгерилетүү максатында 18 банк, 3 өнүктүрүү фонду жана 4 микрокредиттик компания менен келишим түзүлдү. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылы Азия кубогун биргеликте өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биргелешкен арыз Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү. АФК талабына ылайык, аталган турнирдин ачылыш жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек. Бишкекте курулуп жаткан стадион ачылганда 51 миң күйөрман батат.Мелдешке билдирме берүү жана турнирди кабыл алуу процесси бир нече баскычтан туруп, жыйынтыгы 2026-жылы белгилүү болот. Аталган мелдешти өткөрүү каалоосун азырынча Кувейт, Индонезия жана БАЭ билдирген.Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин менен маектешип жатып айтты. Видеону толугу менен журналисттин Телеграм каналынан көрүүгө болот. Путин объективдүү маалыматтарга ылайык Зеленскийдин рейтинги саясий атаандаш болушу мүмкүн делген Залужныйдан эки эсе төмөн экенин белгиледи.Путин Россия менен сүйлөшүүлөргө мыйзам чегинде тыюу салып Зеленский өзүн туңгуюкка кептеп салганын белгиледи. Президенттин айтымында, ал учурда Украина армиясынын, коомчулугунун жана жалпы мамлекеттин бөлүнүп-жарылышын шарттаган фактор болуп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/19/1092294060_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_89df7f8deaec3a6124db90f7d968ad93.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио