https://sputnik.kg/20250225/buu-koopsuzduk-keneshinin-rezolyutsiyasy-suyloshuugo-bashat-bolot-1092286675.html
Небензя: БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы сүйлөшүүлөргө жол ачат
Небензя: БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы сүйлөшүүлөргө жол ачат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын... 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-25T15:44+0600
2025-02-25T15:44+0600
2025-02-25T15:44+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
резолюция
сүйлөшүүлөр
тынчтык
василий небензя
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/11/1070048302_0:0:3079:1733_1920x0_80_0_0_e176cd4b00d12a9c17eb17e36460fbd6.jpg
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды."Кабыл алынган текстти кынтыксыз деп айта албасак да келечекке багыт алуунун алгачкы аракети, жаңжалды ырбатпай тынчтыкка умтулчу кадам деп билебиз", — деген ал.Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан.Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы — Башкы Ассамблеяныкынан айырмаланып милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон документ.
https://sputnik.kg/20250225/tramp-ukraina-maselesi-rossiyanyn-pajdasyna-chechilerin-ajtty-1092268739.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/11/1070048302_60:0:2791:2048_1920x0_80_0_0_8ca4e6b8db8e7b4267531ca64b8761db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, резолюция, сүйлөшүүлөр, тынчтык, василий небензя
дүйнөдө, акш, россия, украина, резолюция, сүйлөшүүлөр, тынчтык, василий небензя
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Кабыл алынган текстти кынтыксыз деп айта албасак да келечекке багыт алуунун алгачкы аракети, жаңжалды ырбатпай тынчтыкка умтулчу кадам деп билебиз", — деген ал.
Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча
резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан.
Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы — Башкы Ассамблеяныкынан айырмаланып милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон документ.