Тарых музейине согуш күйгөн жерлердин топурагы салынган капсула тапшырылды. Видео
Тарых музейине согуш күйгөн жерлердин топурагы салынган капсула тапшырылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды. 25.02.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды.Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Коргоо министрлиги, Маданият министрлиги, Республикалык ардагерлер кеңеши жана башкалар уюштурган.Капсуланы өлкөгө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында Беларусь менен Россиянын ардагерлер уюму жөнөткөнү айтылды.1941-жылы 22-июнда башталган Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун эли фашизмге каршы салгылашкан. Алардын ичинен Брест чебин коргоодо кыргызстандык жоокерлер укмуштуудай кайраттуулукту жана эрдикти көрсөтүшкөн. Ошондой эле 1941-жылдагы Москванын алдындагы кармашта Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясы душмандын чабуулун токтотуп, кыргызстандык баатырлар Дүйшөнкул Шопоков баш болгон бир катар жоокерлер Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан.Фашисттердин максаты СССР элин жок кылуу болгондугу Хатынь кыштагындагы кыргын аркылуу даана көрүнгөн. Бул кандуу окуя геноциддин айкын далили катары тарыхта калды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуттук тарых музейине айыгышкан күрѳш жүргөн Хатынь, Дубесеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды.
Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Коргоо министрлиги, Маданият министрлиги, Республикалык ардагерлер кеңеши жана башкалар уюштурган.
Капсуланы өлкөгө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында Беларусь менен Россиянын ардагерлер уюму жөнөткөнү айтылды.
"Күрѳш жүргөн ыйык жерлерден алынып келген капсулалар келечек үчүн жанын берген аталарыбыздын жеңишин эске салып, музейде татыктуу орун ээлемекчи. Алар жаш муунга Жер шарындагы тынчтык үчүн душманга каршы бир муштум болуп турганыбызды эстетип турмакчы", — деген уюштуруучулар.
1941-жылы 22-июнда башталган Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун эли фашизмге каршы салгылашкан. Алардын ичинен Брест чебин коргоодо кыргызстандык жоокерлер укмуштуудай кайраттуулукту жана эрдикти көрсөтүшкөн. Ошондой эле 1941-жылдагы Москванын алдындагы кармашта Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясы душмандын чабуулун токтотуп, кыргызстандык баатырлар Дүйшөнкул Шопоков баш болгон бир катар жоокерлер Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан.
Ошондой эле 1941-жылдагы Москванын алдындагы кармашта Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясы душмандын чабуулун токтотуп, кыргызстандык баатырлар Дүйшөнкул Шопоков баш болгон бир катар жоокерлер Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан

Фашисттердин максаты СССР элин жок кылуу болгондугу Хатынь кыштагындагы кыргын аркылуу даана көрүнгөн. Бул кандуу окуя геноциддин айкын далили катары тарыхта калды.