Жаштарды өнүктүрчү долбоорлорду каржылоого сынак жарыяланды
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясатын жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси Аскар Шайкидинов жаштардын социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерге колдоо көрсөтүлөрүн айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого сынак жарыялады. Бул тууралуу Аскар Шайкидинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаштарды өнүктүрчү долбоорлорду каржылоого сынак жарыяланды
Анын айтымында, сынактын негизги темалары мыйзамдын негизинде үч жылга иштелип чыккан. 2026-жылы өзгөрүшү ыктымал.
"Сынак алгачкы жолу 2023-жылы уюштурулуп, анда төрт уюм жеңүүчү болгон. Кийинки жылы үчөө жеңип, бүгүнкү күндө жалпы жети уюм иштеп жатат. Алардын бири — инклюзивдик маданиятты колдоо максатында азиз мекендештер үчүн түзүлгөн "Феномен" коомдук фонду. Алар алгачкы жолу азиз адамдар үчүн тифлографиялык котормо аркылуу "Бейиш эненин таманында", "Курманжан датка", "Салам, New York" жана башка тасмаларды тартуулашты. Долбоор көрүүсү начар жаштарды кыргыз элинин маданий баалуулуктары жана каада-салты менен тааныштырууга, жашоого мотивациясын калыптандырууга жакшы шарт түзүүдө. Тоң районунда жаштарга санариптик билим берүү багыты боюнча уюм иштеп келет. Жергиликтүү жаштарга, мектептеги жогорку класстын окучууларына IT-тармакты, программалоону, дизайн менен иштөөнү үйрөтүүчү атайын акысыз курстарды уюштурушту. Мындан тышкары, жаштарды адабиятка, поэзияга үндөгөн жана китеп окуганга кызыктыруучу, ошондой эле өлкөдө туруктуу өнүгүү максаттарынын ишке ашышы, аймактардагы жаштардын социалдык, экологиялык иш-чараларга активдүү катышышы боюнча бир нече долбоорду иш жүзүнө ашырган уюмдар бар. Негизинен сынак жаштардын социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү максатын көздөйт. Андыктан бул жылы дагы коомго пайдалуу, жаштардын талабына жооп берген уникалдуу долбоорлорду тандап, ишке ашырууну максат кылып жатабыз. Гранттык максималдуу сумма 1 000 000 сом, анын 15 пайызга чейинкисин административдик чыгымдар (кызматкерлердин эмгек акысы, офис чыгымдары, кеңсе жабдуулары) түзөт" , — деди Шайкидинов.
Ал ошондой эле жаштар саясатын жүргүзүү башкармалыгынын бюджети 50 миллионго көтөрүлгөнүн, мындан улам жаштарга арналган программаларга, долбоорлорго жана башка иш-чараларга колдоо күчөтүлөрүн кошумчалады.