Назаралиева: кыздар арасында эрте никеге туруу жана эрте кош бойлуулук көбөйгөн
Жазылуу
Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жаш кыздардын никеге турушу жана эрте кош бойлуулуктун себептери тууралуу айтты.
2023-жылы Сузак районунда бир жыл ичинде эрте никеге турган жана жаш кыздардын эрте кош бойлуу болуп калган 68 учуру катталган. Бул тууралуу Айчүрөк Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Назаралиева: кыздар арасында эрте никеге туруу жана эрте кош бойлуулук көбөйгөн
Анын айтымында, айрым аймактарда кыздарды окутуу эмес, эрте турмушка берүү максаты көбүрөөк байкалат.
"Былтыр күзүндө "Укук кербени" акциясынын алкагында акыйкатчы өлкөнүн жети дубанын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп келди. Азыр эрте күйөөгө тийүү, эрте кош бойлуулук абдан көбөйгөндүгүн ошол жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен укук коргоо органдары да айтып жатат. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлигине сурам жибердик. Алардын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2023-жылы бир жылдын ичинде эле жашы жете электердин никеге турушу жана эрте кош бойлуулук боюнча 68 учур катталыптыр. Ошондуктан 2024-жылы пилоттук долбоор жасадык. Анын алкагында учурда мониторинг жүрүп жатат. Эрте кош бойлуулукка жол бербөө үчүн алгач анын себептери менен күрөшөбүз. Үй-бүлөдө бала менен ата-эненин ортосунда ишенимдүү мамиленин болгону жакшы. Анткени өз көйгөйүн өзү жалгыз чече албаганы үчүн кыздар баласын таштандыга таштоого, өспүрүмдөр өзүн өлтүрүүгө барып жатышат. Эгер ата-энеси менен ишенимдүү карым-катышы болсо же психологго барганга, мектепте социалдык педагогго ачылып сырын айтууга мүмкүнчүлүк болсо, балким канчалаган баланын өмүрүн, тагдырын сактап калмактырбыз. Мониторингде жаш кыздардын көбү башынан эле эрте күйөөгө тийгенге даярданышары байкалды. Ошондуктан агартуу иштерин жакшы жүргүзүү керек," — деди Назаралиева.
Ал ата-эне баласы билим алып, психологиялык абалы турукташканга чейин колдоо көрсөтүшү керектигин кошумчалады.