https://sputnik.kg/20250228/kyrgyzstan-bakyt-torobayev-ayyl-charba-1092353697.html
Бакыт Төрөбаев: жылуу аймактарда эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл
Бакыт Төрөбаев: жылуу аймактарда эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү... 28.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-28T15:04+0600
2025-02-28T15:04+0600
2025-02-28T15:05+0600
кыргызстан
бакыт төрөбаев
айыл чарба
түшүм
азык-түлүк
https://sputnik.kg/img/07e7/09/04/1078344869_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_d3857ef7aef949d17692831b1863b22b.jpg
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.Ал "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн.Төрөбаев климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу эрте жазда улам үшүк жүрүп дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын белгиледи.Министр Кыргызстанда сугат суу жеткиликтүү жана көпчүлүк аймак күнөстүү болгондуктан өсүмдүк өстүрүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250228/ala-too-ayyl-charba-koy-poroda-1092343217.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/04/1078344869_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_81d81e9810f67883dae36be536135c27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бакыт төрөбаев, айыл чарба, түшүм, азык-түлүк
кыргызстан, бакыт төрөбаев, айыл чарба, түшүм, азык-түлүк
Бакыт Төрөбаев: жылуу аймактарда эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл
15:04 28.02.2025 (Жаңыртылды: 15:05 28.02.2025) БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн.
Төрөбаев климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу эрте жазда улам үшүк жүрүп дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын белгиледи.
"Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл", — деди Төрөбаев.
Министр Кыргызстанда сугат суу жеткиликтүү жана көпчүлүк аймак күнөстүү болгондуктан өсүмдүк өстүрүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин кошумчалады.