https://sputnik.kg/20250228/sogushtun-baatyrlarynyn-biri-asanbek-otorbayev-1092282475.html
Асанбек Оторбаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Асанбек Оторбаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону... 28.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-28T15:29+0600
2025-02-28T15:29+0600
2025-02-28T15:29+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
асанбек оторбаев
польша
фашисттер
германия
граната
https://sputnik.kg/img/07e8/06/11/1086161755_0:0:1557:876_1920x0_80_0_0_fa7e693e06690be9854b32a76feda644.jpg
Кеп кезеги 20 жашында эрдик көрсөтүп курман болгон кенже сержант Асанбек Оторбаев тууралуу баянда.Оторбаев 1925-жылы Талас облусундагы Талас районунун Чат-Базар айылында туулган. Улуту — кыргыз. Жети классты бүтүп, Фрунзе облусундагы (азыркы Талас обл. — ред) Будённый районуна караштуу Жан-Арык колхозунда иштеп калат.1943-жылдын январында Оторбаев Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. Ошол эле жылдын август айынан тарта Ленинград жана 1-Украин фронтторунда согушка кирип, алгач 55инчи, андан кийин 42-армияга катталат.1944-жылдын январына чейин Ленинграддын алдындагы согуштарга катышкан. Шаардык фашисттердин курчоосунан куткаруу боюнча операцияга катышкан. 1944-жылдын 10-февралында жаракат алып, мартта кайрадан согушка кирет да, Псковдун алдындагы кармаштарга катышат. 1944-жылдын июнунда Выборг чабуул койгон операциясына катышып, Каармандыгы үчүн медалы менен сыйланат.1945-жылы Оторбаев 1-Украин фронтунун 59-армиясынын 13-аткычтар дивизиясынын 296-аткычтар полкунда пулемётчу катары Одер дарыясынан өткөндө өзгөчөлөнгөн. Ушул эле жылы Одердин башка жээгиндеги Вальдич айылына жакын жердеги кармаштагы плацдармды колдон чыгарбай кармап туруу учурунда гитлердик беш контрчабуулду кайтарып, каршы тараптын 25 аскерин, офицерин жок кылган. Алтынчы контрчабуул учурунда Оторбаев өмүрүн тобокелге салып, эки граната менен душмандын өзү жүрүүчү артиллериялык куралын жок кылган.Каарман жигиттин сөөгү Польшада Ополе воеводствосунун Кендзежинск-Козлк повятынын Кендзежин-Козле шаарындагы Боордоштор мүрзөсүнө коюлган.1945-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Одер дарыясынан кечип өтүүдөгү жана плацдармды кеңейтип кармап туруудагы каармандыгы, эрдиги үчүн кенже сержант Асанбек Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Эрдик медалы, Ленин, Кызыл Жылдыз жана Советтер Союзунун Баатырынын Алтын жылдыз ордени менен сыйланган.Асанбек Оторбаевдин киндик кан тамган айылына бюсту, ал эми өзү жашаган тамга мемориалдык такта орнотулган. Чат-Базардагы орто мектепке, бир көчөгө аты берилген.Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Асанбек Оторбаев да бар.
https://sputnik.kg/20250222/tyldagy-kyrgyzstandyktardyn-erdigi-tuuraluu-makala-1092153764.html
ссср
польша
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/11/1086161755_0:0:1557:1168_1920x0_80_0_0_5dd65b2dbd5b9889ca08caa7e742f32f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, асанбек оторбаев, польша, фашисттер, германия, граната, өлүм, баатыр
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, асанбек оторбаев, польша, фашисттер, германия, граната, өлүм, баатыр
Асанбек Оторбаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону баштайбыз.
Кеп кезеги 20 жашында эрдик көрсөтүп курман болгон кенже сержант Асанбек Оторбаев тууралуу баянда.
Оторбаев 1925-жылы Талас облусундагы Талас районунун Чат-Базар айылында туулган. Улуту — кыргыз. Жети классты бүтүп, Фрунзе облусундагы (азыркы Талас обл. — ред) Будённый районуна караштуу Жан-Арык колхозунда иштеп калат.
1943-жылдын январында Оторбаев Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. Ошол эле жылдын август айынан тарта Ленинград жана 1-Украин фронтторунда согушка кирип, алгач 55инчи, андан кийин 42-армияга катталат.
1944-жылдын январына чейин Ленинграддын алдындагы согуштарга катышкан. Шаардык фашисттердин курчоосунан куткаруу боюнча операцияга катышкан. 1944-жылдын 10-февралында жаракат алып, мартта кайрадан согушка кирет да, Псковдун алдындагы кармаштарга катышат. 1944-жылдын июнунда Выборг чабуул койгон операциясына катышып, Каармандыгы үчүн медалы менен сыйланат.
1945-жылы Оторбаев 1-Украин фронтунун 59-армиясынын 13-аткычтар дивизиясынын 296-аткычтар полкунда пулемётчу катары Одер дарыясынан өткөндө өзгөчөлөнгөн. Ушул эле жылы Одердин башка жээгиндеги Вальдич айылына жакын жердеги кармаштагы плацдармды колдон чыгарбай кармап туруу учурунда гитлердик беш контрчабуулду кайтарып, каршы тараптын 25 аскерин, офицерин жок кылган. Алтынчы контрчабуул учурунда Оторбаев өмүрүн тобокелге салып, эки граната менен душмандын өзү жүрүүчү артиллериялык куралын жок кылган.
Каарман жигиттин сөөгү Польшада Ополе воеводствосунун Кендзежинск-Козлк повятынын Кендзежин-Козле шаарындагы Боордоштор мүрзөсүнө коюлган.
1945-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Одер дарыясынан кечип өтүүдөгү жана плацдармды кеңейтип кармап туруудагы каармандыгы, эрдиги үчүн кенже сержант Асанбек Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Эрдик медалы, Ленин, Кызыл Жылдыз жана Советтер Союзунун Баатырынын Алтын жылдыз ордени менен сыйланган.
Асанбек Оторбаевдин киндик кан тамган айылына бюсту, ал эми өзү жашаган тамга мемориалдык такта орнотулган. Чат-Базардагы орто мектепке, бир көчөгө аты берилген.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Асанбек Оторбаев да бар.