https://sputnik.kg/20250303/kyrgyzstan-spid-daryger-nookat-1092406189.html
Ноокатта бөбөктөргө массалык түрдө ВИЧ жуккан окуя. Ата-энелер жардам сурашууда
Ноокатта бөбөктөргө массалык түрдө ВИЧ жуккан окуя. Ата-энелер жардам сурашууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош облусунда 2006-2007-жылдары дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктургандардын саны 405ке жетти. Бул тууралуу Кан аркылуу... 03.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-03T14:53+0600
2025-03-03T14:53+0600
2025-03-03T15:38+0600
кыргызстан
спид
дарыгер
ноокат
жогорку кеңеш
үмүт чокморова
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092407551_0:343:2242:1604_1920x0_80_0_0_bf85e3006d325a13bda33745d4cf8cd6.jpg
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош облусунда 2006-2007-жылдары дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктургандардын саны 405ке жетти. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокатта СПИД жуктурган балдарга кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын сурады.Ал ошондой эле бул балдар ипотеканын жеңилдик категориясына киргизилгенин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20240730/gepatitke-karshy-kuroshuu-boyuncha-aktsiya-zhuruudo-1087452636.html
ноокат
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092407551_0:0:2140:1604_1920x0_80_0_0_3bbc7d893b4bdb33bb6ca779ceae3807.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спид, дарыгер, ноокат, жогорку кеңеш, үмүт чокморова
кыргызстан, спид, дарыгер, ноокат, жогорку кеңеш, үмүт чокморова
Ноокатта бөбөктөргө массалык түрдө ВИЧ жуккан окуя. Ата-энелер жардам сурашууда
14:53 03.03.2025 (Жаңыртылды: 15:38 03.03.2025) БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош облусунда 2006-2007-жылдары дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктургандардын саны 405ке жетти. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.
Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокатта СПИД жуктурган балдарга кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын сурады.
"Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда балдарга ВИЧ жугузган окуя 2006-2007-жылдары болгон. Кийин бул нерсе медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан улам болгон деген бүтүм чыккан. Учурда ошол балдардын саны 405ке жетти. Аларга 18 жашка чейин 8000 сомдон жөлөк пул төлөнөт. Бирок алар жөлөк пулдун көлөмүн 10 миң сомго көтөрүп, өмүр бою төлөп берүүнү суранышууда. Ошондой эле үй берүү, 2-топтогу майыптык дайындоо жана үч миллион сомдон кенемте төлөө боюнча талаптары бар. Учурунда иликтөө начар жүргүзүлүп, айрым учурларда жугуу жолдору так аныкталбай калган. Бул маселелер комиссия тарабынан каралууда", — деди Чокморова.
Ал ошондой эле бул балдар ипотеканын жеңилдик категориясына киргизилгенин кошумчалады.