00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Транспорт министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү карады. Эл өкүлдөрү ведомтсвонун ишмердүүлүгүн иликтеп чыгууну мерчемдөөдө. Комиссияга ким мүчө болуп, канча адам кирери комитеттин кийинки жыйынында карала турган болду.Жол фонду боюнча мыйзам каралып жаткан учурда депутат Улугбек Ормонов жумушчу топ түзүп, Транспорт министрлигиндеги кошумча түзүмдөрдүн ишин текшерип чыгууну сунуштады. "2023-жылы Транспорт министрлиги менен келишим түзүп, жумушту аткарып, акчасын ала албай жүргөн ишкерлер бар", — деди Улугбек Ормонов.Буга утурлай эле депутат Бактыбек Сыдыков аталган фонд азыр жөн эле акча бөлүштүрүүчү орган болуп, райондордо жол салынбай калганын айтты.
Өкмөт "Кристалл" заводундагы хлорду утилдештирүү үчүн Росатомго кайрылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.Анын айтымында, Таш-Көмүр шаарындагы заводго компаниянын адистери келип, техникалык аудит жүргүзүп, сунуш берген."Техникалык сунуш боюнча министрлер кабинетине маалымат берилди. Учурда Россия тараптан каражат бөлдүрүп, хлорду утилдештирүү боюнча Росатом менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Утилдештирүүнүн эки түрү бар экен, биринчиси — химиялык, экинчиси — коопсуз жайга ташып чыгуу ыкмасы", — деди Мамбетов.Химиялык утилдештирүү үчүн 172 миллион рубль, сыртка ташып чыгууга 300 миллион рублден ашык акча керектелет. Эске салсак, аталган завод былтыр мартта мамлекеттин балансына кайтарылган. Анын аймагында 80 тоннага жакын зыяндуу химиялык, уулуу заттар сакталган.
Кыргызстанда "Тайган.Туйгун" көркөм-детективдик сериалынын экинчи бөлүгүн тартуу пландалууда. Кинематография департаментинин "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси 35 миллион сомго тендер жарыялады. Жалпысынан 50 мүнөттүк 12 серия тартылат. Аны 26-ноябрга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Тендерге катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 12-мартка чейин созулат. Белгилей кетсек, сериалдын биринчи сезонун тартууга 17,8 миллион сом бөлүнгөн. Техникалык документте көрсөтүлгөндөй, "Тайган 2. Туйгун" – күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырып, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасаган детективдик сериал. Долбоор укук коргоо органдарынын имиджин жакшыртууга, ошондой эле мыйзамга, тартипке болгон урмат-сыйды жана патриоттук сезимди күчөтүүгө багытталган.
АКШнын Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугу боюнча департаментинин башчысы, миллиардер Илон Маск Владимир Зеленский Украинадан чыгып кетип, ошол жактан амнистия алышы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ишкер Х соцтармагынан окурмандын Зеленский согуш аяктагандан кийин шайлоодо да утулуп, андан соң коррупция боюнча түрмөгө отурат деген божомолуна ушундай жооп берген. Билдирүүнүн автору Зеленскийди бийлик үчүн "бейкүнөө украиналыктарды өлүмгө айдап жаткан диктатор" деп атаган.Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалдын аякташына дагы көп бар деген Зеленскийдин сөзүн "өтө орунсуз билдирүү" деп атап, мындай пикирге АКШ эми макул болбой турганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0