https://sputnik.kg/20250304/1092439947.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар... 04.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-04T19:00+0600
2025-03-04T19:00+0600
2025-03-04T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092439815_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0fe774f6a6cdd0d2a3e63ffcff79ac68.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жол фондунун карамагында 17 каржы булак бар. Анын ичинен учурда 11 каржы булагы киреше алып келүүдө. Жалпы каржы булактарынан жыл башынан бери фондго 942 млн сом чогулуп, анын ичинен 646 млн сом жол курууга жумшалган.“Жол фондуна түшкөн каражаттан быйыл 277 чакырым жолго асфальт төшөө, жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу жумуштары жасалат. Негизи жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт”,-деди ал
Россия дагы беш айылдагы уулуу калдыктарды зыянсыздандырууну каржылайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.Анын айтымында, Кажы-Сай жана Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды зыянсыздандыруу үчүн акча бөлүп, иштер дээрлик аяктаган. Буга кошумча, Россия 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүгө макул болгон.Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы штольня жана шахта калдык сактагычтар; Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылындагы калдык сактагыч; Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар айылындагы үч калдык сактагыч; Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылындагы үч уулуу калдык сактагыч; Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кан айылындагы эки уулуу калдык сактагыч.Министр бул объектилердин радиоактивдүүлүгү, чек арага жана корголуучу жаратылыш аймактарына жакындыгы эске алынып, тандап алынганын кошумчалады.Ошондой эле ал ордо мектептерде дене тарбия сабагында ойнолушу керектигин кошумчалады.
Кыргызстандын Ордо оюну федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев Ордо федерациясы менен Абалак ордо федерациясы бириккенин айтты.Каражаттын жоктуганан ордо оюнун ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү кыйын болууда.Анын айтымында, ордо оюнун илимий, тарыхый жактан изилдеп, кийинки муунга чоң эмгек калтыруу ишине да көңүл буруу керек.
RT агенттигинде иштеген америкалык журналист Бен Свонн АКШ президенти Дональд Трампка кат менен кайрылып, RT, Sputnik сыяктуу ЖМКлардын санкциясын алууну суранып, мурдагы администрациянын бул чектөөсү өлкөнүн конституциялык укугун бузарын белгилеген. Бул туурасында РИА Новости жазды. Сентябрь айында ал кезде АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган Энтони Блинкен RT телеканалын башка өлкөлөрдүн иштерине кийлигишти, "аскердик сатып алуулар" боюнча болжолдонгон "жашыруун операцияларга" катышты деп айыптаган. АКШ үч түзүмгө жана RT телеканалына тагылган күнөө боюнча эки адамга санкция салып жатканын кошумчалаган. Аталган ЖМКга карата чектөөнүн жаңы пландары боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин Өз ара иштешүү боюнча глобалдуу борборунун координатору Жеймс Рубин да билдирип, "салынгандарынын ичинен эң катаалы" деп сыпаттаган.
Жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жол фондунун карамагында 17 каржы булак бар. Анын ичинен учурда 11 каржы булагы киреше алып келүүдө. Жалпы каржы булактарынан жыл башынан бери фондго 942 млн сом чогулуп, анын ичинен 646 млн сом жол курууга жумшалган.“Жол фондуна түшкөн каражаттан быйыл 277 чакырым жолго асфальт төшөө, жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу жумуштары жасалат. Негизи жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт”,-деди алРоссия дагы беш айылдагы уулуу калдыктарды зыянсыздандырууну каржылайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.Анын айтымында, Кажы-Сай жана Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды зыянсыздандыруу үчүн акча бөлүп, иштер дээрлик аяктаган. Буга кошумча, Россия 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүгө макул болгон.Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы штольня жана шахта калдык сактагычтар; Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылындагы калдык сактагыч; Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар айылындагы үч калдык сактагыч; Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылындагы үч уулуу калдык сактагыч; Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кан айылындагы эки уулуу калдык сактагыч.Министр бул объектилердин радиоактивдүүлүгү, чек арага жана корголуучу жаратылыш аймактарына жакындыгы эске алынып, тандап алынганын кошумчалады.Ошондой эле ал ордо мектептерде дене тарбия сабагында ойнолушу керектигин кошумчалады.Кыргызстандын Ордо оюну федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев Ордо федерациясы менен Абалак ордо федерациясы бириккенин айтты.Каражаттын жоктуганан ордо оюнун ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү кыйын болууда.Анын айтымында, ордо оюнун илимий, тарыхый жактан изилдеп, кийинки муунга чоң эмгек калтыруу ишине да көңүл буруу керек.RT агенттигинде иштеген америкалык журналист Бен Свонн АКШ президенти Дональд Трампка кат менен кайрылып, RT, Sputnik сыяктуу ЖМКлардын санкциясын алууну суранып, мурдагы администрациянын бул чектөөсү өлкөнүн конституциялык укугун бузарын белгилеген. Бул туурасында РИА Новости жазды. Сентябрь айында ал кезде АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган Энтони Блинкен RT телеканалын башка өлкөлөрдүн иштерине кийлигишти, "аскердик сатып алуулар" боюнча болжолдонгон "жашыруун операцияларга" катышты деп айыптаган. АКШ үч түзүмгө жана RT телеканалына тагылган күнөө боюнча эки адамга санкция салып жатканын кошумчалаган. Аталган ЖМКга карата чектөөнүн жаңы пландары боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин Өз ара иштешүү боюнча глобалдуу борборунун координатору Жеймс Рубин да билдирип, "салынгандарынын ичинен эң катаалы" деп сыпаттаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092439815_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b26f01092f0ac472b5ebb03adc11f9e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио