https://sputnik.kg/20250305/1092453607.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убактарда жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн... 05.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-05T13:00+0600
2025-03-05T13:00+0600
2025-03-05T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/05/1092453475_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9f5ff6dc4dbbc1ead806b15fcc9d1895.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убактарда жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн белгиледи. “Шылуундар жасалма интеллектти пайдаланып, телефон, интернет аркылуу элди алдаган учурлары арбын кездешүүдө. Алсак, белгилүү эле адамдардын атынан ар кандай билдирүүлөрдү таратып, акчалардын котортуп алган жагдайлар бар. Анда адамдардын үнүнөн баштап, кыймыл аракетине чейин окшоштуруп жасап, ошол адамдын өзүндөй кылып интервьюларды бердирген мисалдарды көрүүгө болот. Жасалма интеллект аркылуу жасалган мындай кылмыштарга коомчулук ишенип калууда. Андыктан эл расмий булактардан берилген гана маалыматтарга көңүл бурушу керек”, – деди төрага. Ошондой эле ал мындай көйгөй башка өлкөлөрдө да курчуп бара жатканын белгиледи.
Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде беш гектардан жер бөлүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев "Биринчи радиодон" билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында 20 миллион көчөт отургузулуп, бирок анын 30 пайыздайы тамыр албай калган. "Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин түзүү зарыл. Бул үчүн ар бир район кеминде 5 гектар аянт бөлүшү керек. Анткени көчөттөрдүн көбү туура кам көрүлбөгөндүктөн куурап калууда. Дарактарды коргоо үчүн тосмо орнотуу, сугат системасын жолго коюу жана үзгүлтүксүз багуу иштерин камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул милдеттер жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт", — деп кошумчалады ал. Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 8,5 миллион көчөт тигүү мерчемделип жатканын кошумчалады.
Топтошуп зордуктоого шектелип 23-25 жаштагы беш адам кармалып, камакка алынганын ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш 28-февралга караган түндө болгонун айтып, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Анда шектүүлөр кызды Бишкектеги кафелердин биринен күч менен көтөрүп чыгып, белгисиз жерден зордукташканы айтылат.Sputnik агенттигинин өзүнүн маалымат булактарынын билдиргени боюнча, кыз эс алып отурган кафеге жигити достору менен келген. Алар жабырлануучуну мас кылып алып кетишкен. Талаадан зордукталган кыз качууга аракет кылган. Бирок балдар кууп жетип, кайрадан кордук көрсөтүшкөн.
АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы өлкөнү "экономикалык кыйроо" абалында "өткөрүп" алганын, бирок Америка эми өсүү багытына түшкөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мурдагы администрациядан экономикалык кыйроону жана инфляциялык кыйынчылыкты мураска алдык. Алардын саясаты энергоресурастардын, азык-түлүктүн кымбатташына жана миллиондогон америкалыктардын күнүмдүк муктаждыктарына болгон көзөмөлдүн жоголушуна алып келди",— деген Трамп конгрессчилердин алдында сүйлөп жатып. АКШ президенти анын командасы абалды оңдоого батыл киришкенин кошумчалады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу акыркы убактарда жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн белгиледи. “Шылуундар жасалма интеллектти пайдаланып, телефон, интернет аркылуу элди алдаган учурлары арбын кездешүүдө. Алсак, белгилүү эле адамдардын атынан ар кандай билдирүүлөрдү таратып, акчалардын котортуп алган жагдайлар бар. Анда адамдардын үнүнөн баштап, кыймыл аракетине чейин окшоштуруп жасап, ошол адамдын өзүндөй кылып интервьюларды бердирген мисалдарды көрүүгө болот. Жасалма интеллект аркылуу жасалган мындай кылмыштарга коомчулук ишенип калууда. Андыктан эл расмий булактардан берилген гана маалыматтарга көңүл бурушу керек”, – деди төрага. Ошондой эле ал мындай көйгөй башка өлкөлөрдө да курчуп бара жатканын белгиледи.Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде беш гектардан жер бөлүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев "Биринчи радиодон" билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында 20 миллион көчөт отургузулуп, бирок анын 30 пайыздайы тамыр албай калган. "Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин түзүү зарыл. Бул үчүн ар бир район кеминде 5 гектар аянт бөлүшү керек. Анткени көчөттөрдүн көбү туура кам көрүлбөгөндүктөн куурап калууда. Дарактарды коргоо үчүн тосмо орнотуу, сугат системасын жолго коюу жана үзгүлтүксүз багуу иштерин камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул милдеттер жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт", — деп кошумчалады ал. Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 8,5 миллион көчөт тигүү мерчемделип жатканын кошумчалады.Топтошуп зордуктоого шектелип 23-25 жаштагы беш адам кармалып, камакка алынганын ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш 28-февралга караган түндө болгонун айтып, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Анда шектүүлөр кызды Бишкектеги кафелердин биринен күч менен көтөрүп чыгып, белгисиз жерден зордукташканы айтылат.Sputnik агенттигинин өзүнүн маалымат булактарынын билдиргени боюнча, кыз эс алып отурган кафеге жигити достору менен келген. Алар жабырлануучуну мас кылып алып кетишкен. Талаадан зордукталган кыз качууга аракет кылган. Бирок балдар кууп жетип, кайрадан кордук көрсөтүшкөн.АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы өлкөнү "экономикалык кыйроо" абалында "өткөрүп" алганын, бирок Америка эми өсүү багытына түшкөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мурдагы администрациядан экономикалык кыйроону жана инфляциялык кыйынчылыкты мураска алдык. Алардын саясаты энергоресурастардын, азык-түлүктүн кымбатташына жана миллиондогон америкалыктардын күнүмдүк муктаждыктарына болгон көзөмөлдүн жоголушуна алып келди",— деген Трамп конгрессчилердин алдында сүйлөп жатып. АКШ президенти анын командасы абалды оңдоого батыл киришкенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/05/1092453475_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_87ef1f833cbc93977c781667cddc3520.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио