00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келген, мындан ары да боло берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров судьялардын 13-курултайында билдирди. Ал фемида өкүлдөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн тарта өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатканын белгилеген. Ошондой эле ал сот бийлиги мыйзамдуулуктун башаты болушу үчүн ар кандай тышкы кысымдардан толук көз карандысыз болушу шарт экенин белгиледи. Өлкө башчы аталган тармакка мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, судьялар үчүн батирлер курулуп, маянасы 100 пайыз көтөрүлгөн. Сот имараттарында шарттар түзүлүп, судья жана приставдарга ата мекендик автоунаалар берилген. Жапаров муну менен бирге санариптештирүүдө сот системасы артта калганын айтып, электрондук сот өндүрүшүн жана маалыматка онлайн жетүүнү тез арада ишке киргизүүнү тапшырды.
Россиянын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов жетектеген расмий делегация Кыргызстандын бир катар ишканаларын кыдырды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, келген делегациянын курамында агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногы министри, ошондой эле Свердлов облусунун рыногун азык-түлүк менен камсыздоодо кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон аймактык компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү бар. Кыдыруунун жүрүшүндө компаниялар Екатеринбургдун соода түйүндөрүн азык-түлүк менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүк маселелери талкууланды. Конкреттүү келишимдерди түзүү максатында Россиянын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жыйынтыгында Россия тараптын соода түйүндөрү жаңы жана кайра иштетилген жашылча – мөмөлөрдү, жаңгактарды жана буурчактарды сатып алууга кызыкдар экендиги белгилүү болду.
Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата Ош шаарындагы борбордук аянтта жөө жүрүш өтүп, ага миңге жакын активист жаштар катышты. Улуттук кийимчен жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан баштап Султан Ибраимов атындагы драма театрга чейин басышты.Жаштар иштери боюнча шаардык комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбековдун айтымында, Ак калпак күнүнө карата жыл сайын иш-чаралар уюштурулуп келет. “Быйыл шаардын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин жана жаш активисттеринин катышуусунда жүрүш өткөрүп жатабыз. Ошондой эле бүгүн Ош технологиялык университетинин базасында жогорку окуу жайлардын, лицейлердин жана колледждердин студенттеринин арасында улуттук кийимдер боюнча интеллектуалдык оюн өткөрүү пландалууда. Ага 150 адамдан турган 30 команда катышат”, — деди Жусупбеков.
Вашингтон Киевге аскердик жардамды токтоткондон кийин АКШ Улуу Британияга америкалык чалгындоо маалыматтарын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салды. Бул тууралуу британиялык Daily Mail гезити булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады. Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме жасап, Американын президенти Дональд Трамп Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын көрсөткүчө АКШ Украинага бардык аскердик жардамын токтотуп жатканын кабарлаган. Ак үйдүн өкүлү бул чечим тууралуу маалыматты тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0