https://sputnik.kg/20250305/1092467664.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин имаратына мезгил капсуласы салынды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Салтанаттуу... 05.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-05T19:00+0600
2025-03-05T19:00+0600
2025-03-05T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/05/1092467532_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_79f4a49a6d850fcaf53978e53fbc14df.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин имаратына мезгил капсуласы салынды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул долбоор заманбап, технологиялык жана жарандарга багытталган мамлекетти түзүү жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи.Төрт блоктон турган 7 кабаттуу имаратта күтүү залдары, калкты тейлөө борборлору, кеңселер, архивдик жайлар, 252 орундуу унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктура түшөт. Борбордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү күнүнө 5000 адамга чейин жетери айтылды.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында "акылдуу" транспорттук системаларды өнүктүрүү каралууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал транспорттук-логистикалык комплекстерди санариптештирүү тажрыйбасын изилдөө жана "акылдуу" транспорттук системалардын эл аралык соодадагы ролун талкуулаган конференцияга катышкан. "Санарип экономиканын өнүгүшү менен автоматташтыруу каражаттары барган сайын жеткиликтүү болууда. Бул транспорттук жүктөрдүн кыймылын дээрлик толук көзөмөлдөөгө, жүк ташуудагы тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана чыгымдарды азайтуу аркылуу эл аралык сооданы стимулдаштырууга шарт түзөт", — деди Кожошев. Ошондой эле ал жаңы технологияларды транспорттук инфраструктурага киргизүүгө багытталган концепция тууралуу маалымат берди.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу деген айылда Чынтемир Осмонов атындагы мектептеги окуучулардан кургак учук аныкталган. Бул тууралуу ата-энелерден кат келип түшкөнүн депутат Камила Талиева парламентте билдирди. Анын айтымында, балдар жыл сайын Чолпон-Атадагы санаторийде дарыланып жатат. "Былтыр 5-6 бала 9 ай дарыланууга жаткан экен. Быйыл 15 бала ооруп калды деп ата-энелерден кат келип жатат. Мектеп авариялык абалда, сыз, полдору чириген. Билим берүү министрлиги ушуну карашы керек", — деди Талиева.
Араб мамлекеттеринин лигасы өткөргөн чукул саммиттин катышуучулары Египетин Газа секторун 53 миллиард долларга реконструкциялоо боюнча планын колдоого алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Абдель Фаттах ас-Сиси билдиргенин РИА Новости жазды. Палестина маселесине арналган саммит Египеттин борбору Каирде шейшемби күнү өткөн. Египет иштеп чыгып, Араб мамлекеттеринин лигасы бекиткен Газа секторун реконструкциялоо боюнча планда палестин элинин өз жеринде калуусун камсыздоо, Газада балык уулоо жана соода портторун, эл аралык аэропорт, өнөр жай зоналарын жана турак жай куруу каралган. ХАМАС анклавдын реконструкцияланышы боюнча планды кубаттаса, Израиль кескин сынга алды.
Бишкекте президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин имаратына мезгил капсуласы салынды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул долбоор заманбап, технологиялык жана жарандарга багытталган мамлекетти түзүү жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи.Төрт блоктон турган 7 кабаттуу имаратта күтүү залдары, калкты тейлөө борборлору, кеңселер, архивдик жайлар, 252 орундуу унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктура түшөт. Борбордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү күнүнө 5000 адамга чейин жетери айтылды. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында "акылдуу" транспорттук системаларды өнүктүрүү каралууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал транспорттук-логистикалык комплекстерди санариптештирүү тажрыйбасын изилдөө жана "акылдуу" транспорттук системалардын эл аралык соодадагы ролун талкуулаган конференцияга катышкан. "Санарип экономиканын өнүгүшү менен автоматташтыруу каражаттары барган сайын жеткиликтүү болууда. Бул транспорттук жүктөрдүн кыймылын дээрлик толук көзөмөлдөөгө, жүк ташуудагы тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана чыгымдарды азайтуу аркылуу эл аралык сооданы стимулдаштырууга шарт түзөт", — деди Кожошев. Ошондой эле ал жаңы технологияларды транспорттук инфраструктурага киргизүүгө багытталган концепция тууралуу маалымат берди.Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу деген айылда Чынтемир Осмонов атындагы мектептеги окуучулардан кургак учук аныкталган. Бул тууралуу ата-энелерден кат келип түшкөнүн депутат Камила Талиева парламентте билдирди. Анын айтымында, балдар жыл сайын Чолпон-Атадагы санаторийде дарыланып жатат. "Былтыр 5-6 бала 9 ай дарыланууга жаткан экен. Быйыл 15 бала ооруп калды деп ата-энелерден кат келип жатат. Мектеп авариялык абалда, сыз, полдору чириген. Билим берүү министрлиги ушуну карашы керек", — деди Талиева. Араб мамлекеттеринин лигасы өткөргөн чукул саммиттин катышуучулары Египетин Газа секторун 53 миллиард долларга реконструкциялоо боюнча планын колдоого алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Абдель Фаттах ас-Сиси билдиргенин РИА Новости жазды. Палестина маселесине арналган саммит Египеттин борбору Каирде шейшемби күнү өткөн. Египет иштеп чыгып, Араб мамлекеттеринин лигасы бекиткен Газа секторун реконструкциялоо боюнча планда палестин элинин өз жеринде калуусун камсыздоо, Газада балык уулоо жана соода портторун, эл аралык аэропорт, өнөр жай зоналарын жана турак жай куруу каралган. ХАМАС анклавдын реконструкцияланышы боюнча планды кубаттаса, Израиль кескин сынга алды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/05/1092467532_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e9b2c47d72af64486fb38dffeb6008e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио