00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Меняющие мир
От триатлона до науки: секрет успеха Юлии Калюжной
20:10
35 мин
Ачык кеп
Республикада өткөн рейд учурунда коомдук транспорттун 7 406 айдоочусуна айып салынды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Михаил Бабкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатырлары
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатырлары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2025
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, баатыр аталган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону улантабыз.
Улук лейтенант Михаил Бабкин
© Фото / Герои страныГерой СССР из Кыргызстана Михаил Бабкин
Герой СССР из Кыргызстана Михаил Бабкин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2025
Герой СССР из Кыргызстана Михаил Бабкин
Михаил Бабкин 1922-жылдын 22-январында Старая Тойда (азыркы Аннин району, Воронеж облусу — ред.) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Кыргызстандын Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Фрунзе, Көк-Жаңгак шаарларында жашаган. Толук эмес орто билимге ээ болуп, кийин борбор калаадагы аэроклубду аяктаган.
1941-жылдын 19-июлунда Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. 1943-жылы Чкалов шаарында (азыркы Оренбург — ред.) авиациялык мектептен учкучтук кесипке ээ болуп чыгат. 22-июнда Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Воронеж, Степной, Батыш, 2- Беларусь фронтторунда болот. Штурм жасаган Ил-2 учагын айдайт.
Курск согушуна катышып, кирип келген немецтик бөлүктөргө кыргыйдай тиет. Ушул эле жылдын 8-августунда Харьков районунда оор жарадар болот. Жарааты айыгып, кыштын аягында кайрадан согушка кирет. 1944-жылдын 12-февралында Витебскини бошотууда эрдигин көрсөтөт. Аба ырайынын начарлыгына карабай Ил-2ни эпчилдик менен башкарып, душмандын курал-жарагы менен күчтөрү турган жерге бомбаны так таштап, жок кылган. 20-июлда Гродно шаарын алууда да эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, душмандын зениттик аймагына кирип барып, кайра чыгып турган. Алты штурмчунун катарында болуп, каршылаштын чабуул коюп келе жаткан танкаларын мелжеп атып, немецтердин ФВ-190 үлгүсүндөгү төрт учагынын чабуулунун мизин кайтарган.
Согуштун соңунда улук лейтенант Бабкин 2-Беларусь фронтунун 4-аба армиясынын 233-штурмалоочу авиадивизиясынын 198-штурмалоочу авиаполкундагы эскадрильянын командиринин орун басары болгон.
Фашисттик баскынчылардын сазайын болушунча берип, 1945-жылы 24-мартта Бабкин 145 ирет согуш аймагына учуп кирген.
Фактылар, сандар менен бергенде эр жүрөк учкуч душманга таандык төмөнкү нерселерди жок кылып, талкалаган:
душмандын 85 машинасын, 10 БТРи, өзү жүргөн беш куралын (техникасын — ред.);
35ке чукул темир жол вагондору;
станциялык үч имарат, бир чакырымга чукул темир жол;
эки паровоз;
жети учагын аэродромдон, бирөөнү асмандан жок кылган;
ок-дары катылган жети кампа, күйүүчү майы бар бир кампа;
тыныгып, даярданган үч пункт;
65 араба;
беш зениттик жана талаа артиллериясы;
15 блиндаж;
штурм кылган учурларда баш-аягы немецтик 650 аскер жана офицерлерди жок кылган.
Улуу Жеңиштен кийин, 1945-жылдын 18-августунда, 145 ирет ийгиликтүү учуп душманга штурм жасап чабуул койгондогу эрдиги жана кайраты үчүн СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы ыйгарылган.
1946-жылы 1-августта каарман учкуч Бабкин запаска бошотулат. Бирок 1952-жылдын 18-августунан тарта кайрадан Советтик Армияга кайтып келип, Украинадагы 251-гвардиялык бомбалоочу авициялык полкто кызмат өтөйт. Жети жылдан кийин, тагыраагы, 30 жашында, тилекке каршы, кызмат учурунда авиакырсыктан курман болот. Легендалуу бул учкучтун сөөгү Киев облусундагы Борисполь шаарында жерге берилет. Михаил Бабкин Баатыр наамын алганда тапшырылган Ленин орденинен сырткары 1955-жылы дагы бир Ленин ордени менен сыйланган. Андан тышкары, Кызыл Туу ордени төрт ирет ыйгарылган. Ата Мекендик согуштун I даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Жалал-Абадда №1 мектеп-гимназияга Михаил Бабкиндин аты берилген, ал эми имаратка мемориалдык такта орнотулган. Муну менен катар эле фашисттерден бошотууда канын-жанын аябай салгылашкан Гродно шаарындагы көчөлөрдүн бири каарман, эр жүрөк аскердик учкучтун наамында.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Ардагер Жаманкул Жээнчураев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2025
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Согушту чек арадан тоскон. Атактуу чек арачы Жаманкул Женчураев тууралуу баян
Жаңылыктар түрмөгү
0