00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Айымдар — коомубуздун ажырагыс бөлүгү гана эмес, анын кыймылдаткыч күчү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылат. Өлкө башчы бул аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап, келечек муунду тарбиялоодогу ордун жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилөөчү күн экенин айткан. "Эзелтен эле кыргыз эли аялзатын ажарлуу эже-карындаш, сүйүктүү жар, эң башкысы теңдеши жок мээримдүү эне катары баалап-барктап, урматтап-сыйлап келген", — деп айтылат куттуктоодо. Учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналган аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын белгилеген. Мындан тышкары, ал быйыл аялдар кыймылынын 100 жылдык мааракеси белгиленерин эскертти.
Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бийлик айдоочулардын митингине карабай мыйзамдаштыруунун баасын 100 миң сомдон түшүргөн эмес. "Сумма Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылып, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү бажылык алымдардын орточо наркын жана тарифтик торчону эсепке алуу менен белгиленди", — деп жазылган анын негиздемесинде. Эске салсак, легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.
“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы 2024-2025 кышкы жылытуу сезонунда планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, сезондо 950 мин тонна көмүр казуу милдети коюлса, план ашыгы менен аткарылып жалпысынан 1 млн 491 миң тонна көмүр казылган. Муну менен катар ишкана былтыр жылды 333 млн сом киреше менен жыйынтаган. “Жумуш орундарын кыскартуу, кирешени үнөмдөө менен ушундай көрсөткүчтөргө жеттик. Ал эми быйылкы жаңырган жылдын алгачкы эки айында аталган көмүр кенинде 165,6 миң тонна көмүр казылса, 306 миң куб топурак кыртышын ачуу иштери жүргүзүлдү”,-деди ал.
Киев Владимир Зеленскийдин АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышуусу үчүн кечирим сурабайт. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Point басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Баарлашып жаткан кабарчы Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругун сынга алынып жатканын эске салган. "Зеленский өзөгүндө туура айтты, америкалык өнөктөштөрүбүзгө эң маанилүү нерсени — Россияга кысым көрсөтпөсө эч нерсе жасалбай турганын жеткирүүгө аракет кылды. Москва өз ыктыяры менен айтканынан баш тартат деп күтүүгө болбойт, мындан майнап чыкпайт. Демек, кетирбеген кемчилик үчүн биз кечирим сурабайбыз", — деди Подоляк. Эскерте кетсек, 28-февраль күнү сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барып, бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен айтыша кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0