https://sputnik.kg/20250308/1092518110.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, жаңы билим берүү системасы эмнеге зарыл экенин түшүндүрдү... 08.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-08T13:00+0600
2025-03-08T13:00+0600
2025-03-08T13:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/08/1092517978_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3e294d9cb11c0ac224811ee9fe857a67.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, жаңы билим берүү системасы эмнеге зарыл экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, 12 класс дегенде балдардын окуу мөөнөтү бир жылга узарып жатат деп түшүнүү туура эмес. Министр учурда деле окуу жалпылап айтканда 12 жыл болуп жатканын, нөлүнчү класс, бала бакчаларда даярдоо курсу окутулуп жатканын жүйө келтирди. Эми ушул эле нөлүнчү класс деген биринчи класс болуп өзгөрмөкчү. Саамалыктын артыкчылыгы: Окутуунун мазмуну өзгөрөт. Заман талабына жараша жаңы муундагы окуу китептери болот. Окуучуларга билим берүү методикасы өзгөрөт. Жаттама билимден пайдаланма билимге өтөбүз; Бүтүрүүчүлөр 2028-жылдан баштап дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө барып ЖОЖдорго тапшырбасын, дароо эле биринчи курска кабыл алынышат; Кесипке эрте багыт берүүгө мүмкүнчүлүк болот. 12 жыл бою окубайм дегендер үчүн мурдагыдай эле кесиптик техникалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү калат; Мугалимдер жетиштүү эле болот. Окуу жылы башталгыча даярдап бүтөбүз; Ал эми окуу класстары болсо буга чейин деле көйгөй болуп келген жана болот. Буга өкмөт жардам беребиз деп жатат. Өкмөттөн колдоо болуп турса эле биз бул ишти этап-этабы менен аягына чейин ийгиликтүү ишке ашырабыз. Эскерте кетсек, өлкөдө 2025-2026-жылында 12 жылдык окуунун 1-этабы башталары айтылып, министрлик даярдык көрө баштаган.
Кыргызстанда жаштарды мекенчилидикке тарбиялоого багытталган долбоор башталды. Бул тууралуу "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюму билдирди. "Акылдуу кирпи" балдарды эрте өнүктүүү борбору "Биримдикте болсок жеңилбейбиз" деп аталган долбоор баштады. Аны жүзөгө ашырууга "Евразия" уюму грант берген. Кечээ А. Кулубаев атындагы маданият борборунда долбоордун ачылышы болду. Иш-чара жаштардын маданий аң-сезимин жогорулатууга, ыктыярчылыкка кызыктырууга жана салттуу баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Ага Аламүдүн районунун жашоочулары, активисттер жана окуучулар катышты. Долбоордун командасы келечек пландарын айтып берип, майрамдык концерт тартууланды.
Бүгүн саат 10:15те Жайыл районундагы Сосновка жана Токтогул районундагы Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын жаңжалды токтотуу ниетин көрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украинаны сүйлөшүүдө абалды өз пайдасына чече турган "көзүрү" жок. Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча оор болуп жатканын айткан. "Абалды жөнгө салууну каалашпаса, анда биз ал жактан кетебиз", — деди өлкө башчы. АКШ президенти Трамп Владимир Путиндин жаңжалды токтотом деген ниетине ишенерин билдирген.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, жаңы билим берүү системасы эмнеге зарыл экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, 12 класс дегенде балдардын окуу мөөнөтү бир жылга узарып жатат деп түшүнүү туура эмес. Министр учурда деле окуу жалпылап айтканда 12 жыл болуп жатканын, нөлүнчү класс, бала бакчаларда даярдоо курсу окутулуп жатканын жүйө келтирди. Эми ушул эле нөлүнчү класс деген биринчи класс болуп өзгөрмөкчү. Саамалыктын артыкчылыгы: Окутуунун мазмуну өзгөрөт. Заман талабына жараша жаңы муундагы окуу китептери болот. Окуучуларга билим берүү методикасы өзгөрөт. Жаттама билимден пайдаланма билимге өтөбүз; Бүтүрүүчүлөр 2028-жылдан баштап дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө барып ЖОЖдорго тапшырбасын, дароо эле биринчи курска кабыл алынышат; Кесипке эрте багыт берүүгө мүмкүнчүлүк болот. 12 жыл бою окубайм дегендер үчүн мурдагыдай эле кесиптик техникалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү калат; Мугалимдер жетиштүү эле болот. Окуу жылы башталгыча даярдап бүтөбүз; Ал эми окуу класстары болсо буга чейин деле көйгөй болуп келген жана болот. Буга өкмөт жардам беребиз деп жатат. Өкмөттөн колдоо болуп турса эле биз бул ишти этап-этабы менен аягына чейин ийгиликтүү ишке ашырабыз. Эскерте кетсек, өлкөдө 2025-2026-жылында 12 жылдык окуунун 1-этабы башталары айтылып, министрлик даярдык көрө баштаган.Кыргызстанда жаштарды мекенчилидикке тарбиялоого багытталган долбоор башталды. Бул тууралуу "Евразия" автономиялык бейөкмөт уюму билдирди. "Акылдуу кирпи" балдарды эрте өнүктүүү борбору "Биримдикте болсок жеңилбейбиз" деп аталган долбоор баштады. Аны жүзөгө ашырууга "Евразия" уюму грант берген. Кечээ А. Кулубаев атындагы маданият борборунда долбоордун ачылышы болду. Иш-чара жаштардын маданий аң-сезимин жогорулатууга, ыктыярчылыкка кызыктырууга жана салттуу баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Ага Аламүдүн районунун жашоочулары, активисттер жана окуучулар катышты. Долбоордун командасы келечек пландарын айтып берип, майрамдык концерт тартууланды.Бүгүн саат 10:15те Жайыл районундагы Сосновка жана Токтогул районундагы Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын жаңжалды токтотуу ниетин көрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украинаны сүйлөшүүдө абалды өз пайдасына чече турган "көзүрү" жок. Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча оор болуп жатканын айткан. "Абалды жөнгө салууну каалашпаса, анда биз ал жактан кетебиз", — деди өлкө башчы. АКШ президенти Трамп Владимир Путиндин жаңжалды токтотом деген ниетине ишенерин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/08/1092517978_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2bfada1ca264a1d29805c574753d9233.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио