https://sputnik.kg/20250309/1092527531.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 9-мартта, өлкөдө эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта жер титирөө саат 5:21де жана... 09.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-09T13:00+0600
2025-03-09T13:00+0600
2025-03-09T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092527399_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0f267aa09910c6fcb2d82918fc8e815f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 9-мартта, өлкөдө эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта жер титирөө саат 5:21де жана 5:26да катталганы айтылат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5га чейин сезилген. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Социалдык мекемелерде жашагандардын фото, видеосун уруксатсыз таратууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго 27-февралда Адылбек Касымалиев кол койгон. Министрлер кабинети үйдөгү социалдык тейлөө жана социалдык стационардык мекемелерге байланыштуу бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Алар ылайык, аймактык бөлүмдөр социалдык тейлөөгө муктаж 60тан кем эмес адам болгон учурда социалдык коргоо бөлүмүн түзө алат. Ошондой эле социалдык кызматкерлердин айлык акысы республикалык же жергиликтүү бюджеттен каралат. Мындан тышкары, социалдык мекемелерде жашаган адамдардын купуя маалыматтары корголот. Аларды фото жана видеого тартуу, маалыматтарды социалдык тармактарда же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого алардын же камкорчусунун макулдугусуз тыюу салынат. Белгилүү жашаган жери жок жарандар документсиз болсо жергиликтүү бийликтин юридикалык дареги боюнча каттоого алынып, тиешелүү мекемелерге жайгаштырылат. Документ алуу боюнча чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөт.
Бала бутак сыяктуу, сөөгү кандай абалга келсе, ошол калыпта өсүп кете берет. Бул тууралуу омуртка-далы адиси, укалоочу Нурбай Атыкенов айтып берди. Адис акыркы жылдарда телефон кармап бир абалда көп отургандыктан сколиозго чалдыккандар көп экенин белгиледи. Бала эңкейген абалда көп отурса анын төшү кирип кетет, айрымдарда абал тескерисинче, төш сыртка чыгып кеткен учурлар да бар. Дененин бир бөлүгүнүн туура эмес өсүшү баланын башка органдарына да таасир берип жабыркатат. " Биринчиден, бала бир калыпта отура бергендиктен анын майда булчуңдары кысылып калат. Омурткадагы кан тамырлар кысылса мээге кан жүгүрүшү кыйын болот. Көзгө ошонун таасири тиет. Ошондуктан көздү дарылоодо моюндун түзүлүшүн да көрсөтүп койгон туура", — деди адис.
Владимир Зеленский АКШ менен сүйлөшүүдө туура эмес стратегияны тандап алып, эми өзүн тузакка түшүрүп, бийликтен кол жууганы турат. Бул тууралуу Washington Post жазды. "Зеленский азыр жардын кырында турат. Ак үйдөгү айтышуудан кийин Дональд Трамп Киев менен өлкөдөгү кенди казуу боюнча келишимге кол коюуну жылдырып, аскердик колдоону токтотуп, чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү чектеди", — деп жазылган маалыматта. Ал Трамп менен кер-мур айтышкандан бир жума өткөндөн кийин Вашингтон менен алакасын жакшыртуу үчүн аракет кылып жатканы айтылат."Ошол эле учурда Зеленскийдин айланасындагылар анын ички саясий атаандаштары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктү пайдаланып баштады. Бул анын лидерлигин жок кылышы мүмкүн, анткени алар согуш учурунда шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүшөт", — деп жазылган макалада.
Бүгүн, 9-мартта, өлкөдө эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта жер титирөө саат 5:21де жана 5:26да катталганы айтылат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5га чейин сезилген. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Социалдык мекемелерде жашагандардын фото, видеосун уруксатсыз таратууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго 27-февралда Адылбек Касымалиев кол койгон. Министрлер кабинети үйдөгү социалдык тейлөө жана социалдык стационардык мекемелерге байланыштуу бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Алар ылайык, аймактык бөлүмдөр социалдык тейлөөгө муктаж 60тан кем эмес адам болгон учурда социалдык коргоо бөлүмүн түзө алат. Ошондой эле социалдык кызматкерлердин айлык акысы республикалык же жергиликтүү бюджеттен каралат. Мындан тышкары, социалдык мекемелерде жашаган адамдардын купуя маалыматтары корголот. Аларды фото жана видеого тартуу, маалыматтарды социалдык тармактарда же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого алардын же камкорчусунун макулдугусуз тыюу салынат. Белгилүү жашаган жери жок жарандар документсиз болсо жергиликтүү бийликтин юридикалык дареги боюнча каттоого алынып, тиешелүү мекемелерге жайгаштырылат. Документ алуу боюнча чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөт. Бала бутак сыяктуу, сөөгү кандай абалга келсе, ошол калыпта өсүп кете берет. Бул тууралуу омуртка-далы адиси, укалоочу Нурбай Атыкенов айтып берди. Адис акыркы жылдарда телефон кармап бир абалда көп отургандыктан сколиозго чалдыккандар көп экенин белгиледи. Бала эңкейген абалда көп отурса анын төшү кирип кетет, айрымдарда абал тескерисинче, төш сыртка чыгып кеткен учурлар да бар. Дененин бир бөлүгүнүн туура эмес өсүшү баланын башка органдарына да таасир берип жабыркатат. " Биринчиден, бала бир калыпта отура бергендиктен анын майда булчуңдары кысылып калат. Омурткадагы кан тамырлар кысылса мээге кан жүгүрүшү кыйын болот. Көзгө ошонун таасири тиет. Ошондуктан көздү дарылоодо моюндун түзүлүшүн да көрсөтүп койгон туура", — деди адис. Владимир Зеленский АКШ менен сүйлөшүүдө туура эмес стратегияны тандап алып, эми өзүн тузакка түшүрүп, бийликтен кол жууганы турат. Бул тууралуу Washington Post жазды. "Зеленский азыр жардын кырында турат. Ак үйдөгү айтышуудан кийин Дональд Трамп Киев менен өлкөдөгү кенди казуу боюнча келишимге кол коюуну жылдырып, аскердик колдоону токтотуп, чалгындоо маалыматын бөлүшүүнү чектеди", — деп жазылган маалыматта. Ал Трамп менен кер-мур айтышкандан бир жума өткөндөн кийин Вашингтон менен алакасын жакшыртуу үчүн аракет кылып жатканы айтылат."Ошол эле учурда Зеленскийдин айланасындагылар анын ички саясий атаандаштары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктү пайдаланып баштады. Бул анын лидерлигин жок кылышы мүмкүн, анткени алар согуш учурунда шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүшөт", — деп жазылган макалада.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092527399_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b3f984bca5667711deb75bb2d4473703.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио