https://sputnik.kg/20250309/1092529319.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Аба-ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо... 09.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-09T15:00+0600
2025-03-09T15:00+0600
2025-03-09T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092529187_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_51f4389944bf2e3116bf7744a1150882.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Аба-ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда "Долон" ашуусунда туман болуп, кар жаап жаткандыктан жол тейлөө мекемелери менен биргеликте кум аралашмасы чачылууда. Нарын шаарынын чыга беришинен Терминал аймагынан жана Кочкор районун Сары-Булак аймагынан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты, карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат. ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жана "Долон" ашуусунда кызмат өтөөдө.
Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде беш гектардан жер бөлүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев "Биринчи радиодон" билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында 20 миллион көчөт отургузулуп, бирок анын 30 пайыздайы тамыр албай калган. "Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин түзүү зарыл. Бул үчүн ар бир район кеминде 5 гектар аянт бөлүшү керек. Анткени көчөттөрдүн көбү туура кам көрүлбөгөндүктөн куурап калууда. Дарактарды коргоо үчүн тосмо орнотуу, сугат системасын жолго коюу жана үзгүлтүксүз багуу иштерин камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул милдеттер жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт", — деп кошумчалады ал. Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 8,5 миллион көчөт тигүү мерчемделип жатканын кошумчалады.
Бишкекте чубалжыган кабелдерди жердин асты менен тартуу пландалууда. Мэрия ал үчүн "Таза асман — 2030" концепциясын иштеп чыккан. Буга чейин кабелдерди жер астына жайгаштыруу "Кыргызтелеком" ишканасы, интернет-провайдерлер жана уюлдук байланыш операторлору менен макулдашылган. Учурда айрым участоктордо жер астында инфраструктура жок экени белгиленген. Мындан улам Бишкек шаардык телефон тармагы (БШТТ) жергиликтүү бюджеттин эсебинен кабелдик канализацияны куруу боюнча кайрылган. Ага ылайык, инфраструктура курулса Бишкек шаардык телефон тармагы ишканасы интернет-провайдерлер менен келишим түзүп, кабелдик канализациянын жерин ижарага берет. Түшкөн пайданын жарымы мэрияга которулат. Жалпысынан 30,24 миллион сомго 6 көчөдө узундугу 7,81 чакырым кабелдик канализация куруу каралууда. Мэрия бул каражатты ижара акысынан кайтарууга белсенүүдө. Кабелдин бир чакырымы үчүн 800-1000 сом төлөнөрү күтүлүүдө.
Кытай, Россия жана Иран биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлигине таянып РИА Новости жазды. Машыгуу марттын биринчи жарымында Ирандын Чабахар портуна жакын жердеги сууларда өткөрүлөт. Ага үч өлкөнүн деңиз күчтөрү тартылмакчы.
Аба-ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда "Долон" ашуусунда туман болуп, кар жаап жаткандыктан жол тейлөө мекемелери менен биргеликте кум аралашмасы чачылууда. Нарын шаарынын чыга беришинен Терминал аймагынан жана Кочкор районун Сары-Булак аймагынан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты, карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат. ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жана "Долон" ашуусунда кызмат өтөөдө.Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде беш гектардан жер бөлүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев "Биринчи радиодон" билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында 20 миллион көчөт отургузулуп, бирок анын 30 пайыздайы тамыр албай калган. "Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин түзүү зарыл. Бул үчүн ар бир район кеминде 5 гектар аянт бөлүшү керек. Анткени көчөттөрдүн көбү туура кам көрүлбөгөндүктөн куурап калууда. Дарактарды коргоо үчүн тосмо орнотуу, сугат системасын жолго коюу жана үзгүлтүксүз багуу иштерин камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул милдеттер жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт", — деп кошумчалады ал. Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 8,5 миллион көчөт тигүү мерчемделип жатканын кошумчалады.Бишкекте чубалжыган кабелдерди жердин асты менен тартуу пландалууда. Мэрия ал үчүн "Таза асман — 2030" концепциясын иштеп чыккан. Буга чейин кабелдерди жер астына жайгаштыруу "Кыргызтелеком" ишканасы, интернет-провайдерлер жана уюлдук байланыш операторлору менен макулдашылган. Учурда айрым участоктордо жер астында инфраструктура жок экени белгиленген. Мындан улам Бишкек шаардык телефон тармагы (БШТТ) жергиликтүү бюджеттин эсебинен кабелдик канализацияны куруу боюнча кайрылган. Ага ылайык, инфраструктура курулса Бишкек шаардык телефон тармагы ишканасы интернет-провайдерлер менен келишим түзүп, кабелдик канализациянын жерин ижарага берет. Түшкөн пайданын жарымы мэрияга которулат. Жалпысынан 30,24 миллион сомго 6 көчөдө узундугу 7,81 чакырым кабелдик канализация куруу каралууда. Мэрия бул каражатты ижара акысынан кайтарууга белсенүүдө. Кабелдин бир чакырымы үчүн 800-1000 сом төлөнөрү күтүлүүдө. Кытай, Россия жана Иран биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлигине таянып РИА Новости жазды. Машыгуу марттын биринчи жарымында Ирандын Чабахар портуна жакын жердеги сууларда өткөрүлөт. Ага үч өлкөнүн деңиз күчтөрү тартылмакчы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092529187_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_34f5271e4ddcb1d5914363474c1ec27f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио