https://sputnik.kg/20250309/1092531048.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Соцтармак жана мессенджер аркылуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо каралууда. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.Документте бүгүнкү күндө интернет... 09.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-09T17:00+0600
2025-03-09T17:00+0600
2025-03-09T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092530916_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81f1d5797e344ab82ae397edf5ddcb11.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Соцтармак жана мессенджер аркылуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо каралууда. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.Документте бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар маалыматтын негизги булагы болуп калганы айтылат. Бийликтин пикиринде, фейк аккаунттар коомчулукта терс маанай жаратуу, кайсы бир окуяда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн ачылат.Укук бузуулар жөнүндө кодекске "Жалган маалыматтарды таратуу" беренесин кошуу сунушталууда. Кеп "коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуу үчүн" фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу болууда. Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу каралган. Милиция протоколдорду түзүп, сот ишти карамакчы.Буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы күчүнө кирген. Анда дагы 20 миңден 65 миң сомго чейин жаза каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун алкагында эки эстакадалык көпүрө салынарын билдирди. Туура кам көрүлсө Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу элге көп жыл кызмат кылат.Анын айтымында, эки көпүрөнүн бири 400 метр, экинчиси 1100 метрди түзөт. Ошондой эле ал Бишкек — Ош жолунда да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эки жол бирдей колдонуларын кошумчалады.
Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа секторунда ок атууну токтотуу боюнча келишимдин экинчи этабында үч шарт койду. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы Хазем Касем кыймылынын өкүлүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин ХАМАС келишимдин экинчи этабынын башталышын жакшы өңүттө болгонун айткан. “Биз сүйлөшүү үчүн үч шарт койдук — туткундарды алмашуу, сектордон израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жана агрессия кайрадан жанданбайт деген кепилдик”, — деген Касем. Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу келишими 42 күнгө созулган. Атышууну токтотуу келишими аяктаган соң, 2-мартта Израилдин бийлиги АКШ президентинин өкүлү Стивен Уиткофф убактылуу элдешүүнүн жаңы планын сунуштаганын билдирген. Анткени учурда ок атууну толук токтотуу үчүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы пикир келишпестикти жеңүү мүмкүн эместиги айтылган. Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Тель-Авив бул планга макул болсо, ал эми ХАМАС каршы экендигин маалымдаган.2-мартта Израил Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тыюу салганын жарыялаган.
Соцтармак жана мессенджер аркылуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо каралууда. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.Документте бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар маалыматтын негизги булагы болуп калганы айтылат. Бийликтин пикиринде, фейк аккаунттар коомчулукта терс маанай жаратуу, кайсы бир окуяда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн ачылат.Укук бузуулар жөнүндө кодекске "Жалган маалыматтарды таратуу" беренесин кошуу сунушталууда. Кеп "коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуу үчүн" фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу болууда. Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу каралган. Милиция протоколдорду түзүп, сот ишти карамакчы.Буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы күчүнө кирген. Анда дагы 20 миңден 65 миң сомго чейин жаза каралган.Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун алкагында эки эстакадалык көпүрө салынарын билдирди. Туура кам көрүлсө Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу элге көп жыл кызмат кылат.Анын айтымында, эки көпүрөнүн бири 400 метр, экинчиси 1100 метрди түзөт. Ошондой эле ал Бишкек — Ош жолунда да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эки жол бирдей колдонуларын кошумчалады.Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа секторунда ок атууну токтотуу боюнча келишимдин экинчи этабында үч шарт койду. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы Хазем Касем кыймылынын өкүлүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин ХАМАС келишимдин экинчи этабынын башталышын жакшы өңүттө болгонун айткан. “Биз сүйлөшүү үчүн үч шарт койдук — туткундарды алмашуу, сектордон израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жана агрессия кайрадан жанданбайт деген кепилдик”, — деген Касем. Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу келишими 42 күнгө созулган. Атышууну токтотуу келишими аяктаган соң, 2-мартта Израилдин бийлиги АКШ президентинин өкүлү Стивен Уиткофф убактылуу элдешүүнүн жаңы планын сунуштаганын билдирген. Анткени учурда ок атууну толук токтотуу үчүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы пикир келишпестикти жеңүү мүмкүн эместиги айтылган. Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Тель-Авив бул планга макул болсо, ал эми ХАМАС каршы экендигин маалымдаган.2-мартта Израил Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тыюу салганын жарыялаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/09/1092530916_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6eec6d6dcd73e49fc20435d0bbe7a390.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио